АКШнын Куралдуу күчтөрү Иранга каршы кезектеги чабуулдардын улантып, онунчу күн катары менен сокку урду. Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) билдирүүсүнө караганда, 20-июлдун кечиндеги соккулар “Ирандын Ормуз кысыгында жарандык кемелерге кол салуу үчүн пайдаланылып жаткан аскердик мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да алсыратууга багытталды”.
Маалыматта айтылгандай, Ирандын командалык пункттары, ракета жана дрон учуруу аянтчалары, ошондой эле абадан коргонуу системалары бутага алынды.
20-июлда Иран да АКШнын түнкү чабуулдарына жооп катары Перс булуңу аймагына кайрадан сокку урган. AFP агенттиги билдиргендей, Кувейт менен Иордания дрон жана ракета менен аткыланган.
18-июлда Тегеран июнь айында Вашингтон менен жетишилген убактылуу жарашуу келишимин жараксыз деп жарыялаган. Ал 60 күндүн ичинде туруктуу келишимге жетишүүгө шарт түзүшү керек эле.
21-июлга караган түнү жаңы чабуулдардан бир нече саат мурда АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер дагы да жоготууга учураса Иранга карата «бир нече эселенген жооп» болорун эскерткен. Ак үйдүн башчысы Truth Social социалдык тармагында: «Иран америкалык аскерди өлтүргөн сайын бир нече эселеп жооп берет!» — деп жазып, бул буйрук коргоо министри Пит Хегсетке жеткирилгенин белгилеген.
Бир күн мурда Трамп кезектеги соккуларды Иран менен согушта АКШ аскерлеринин каза болушуна жооп деп атаган. «Бүгүн түнү биз аларга дагы абдан катуу сокку урдук. Биз муну курман болгон аскерлердин урматына жасадык», — деген ал.
Жакынкы Чыгыштагы абал кайрадан чыңала башталгандан бери CENTCOM өзүнүн үч аскер кызматкеринен айрылганын билдирди. Жалпысынан февраль айынын аягында башталган согуштан бери АКШнын курман болгон аскерлеринин саны 17ге жетти.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) 20-июлга караган түнү Ормуз кысыгынын аймагында эки мунай танкерин кармаганын билдирген. Тегерандын белгилешинче, бул кемелер кысыкка мыйзамсыз кирүүгө же түштүк багыты аркылуу чыгууга аракет кылышкан. Ирандын мамлекеттик «Тасним» маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, кемелерде «жарылуу болгон».