Бөгөт чарасы тергөө абагына камакка алуу деп аныкталган экс-депутат Шаирбек Ташиев дале Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Муну Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматынын жетекчиси Султан Макилов 23-июлда “Азаттыкка” ырастады.
Макилов иш боюнча тергөө амалдары дагы деле улантылып, Ташиев суракка алынып жатканын белгилеп, тергөө аяктагандан кийин ал СИЗОго жеткирилерин билдирди.
Мунун алдында Kaktus.media басылмасы өз булактарына таянып, сот Шаирбек Ташиевди тергөө абагына камакка алууга чечим чыгарса да саясатчы эмдигиче убактылуу кармоочу жайда кармалып жатканын жазып чыккан.
Экс-депутат жана анын жактоочусу, жакындары азырынча комментарий бере элек.
Шаирбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлуп, 1-апрелде кармалган. Ага чейин ал күбө катары сурак берип жаткан.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2-апрелде анын бөгөт чарасын карап, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) 16-майга чейин камаган. Экс-депутаттын камактагы мөөнөтү кийин 16-июлга чейин узартылып, үчүнчү ирет 16-сентябрга чейин тергөө абагында калтырылган.
Ички иштер министрлиги Шаирбек Ташиевдин ишине байланыштуу айрым жагдайларды ачыкка чыгарып, атайын видео жарыялаган. Анда “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалардан улам мамлекет 4,1 миллиард сом зыян тартканы, буга Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экени айтылат.
Шаирбек Ташиев камакка алынганга чейин “Азаттыкка” курган маегинде эч кандай мыйзамсыз иштерге тиешеси жок экенин, укук коргоо органдарынын суроолору болсо жооп берерин айткан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Бул кийин 75 саясатчынын эртерээк президенттик шайлоо өткөрүүнү суранган кайрылуусу боюнча экени маалым болгон. Кайрылууга байланыштуу коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков баш болгон беш киши камакка алынган. Каттын айынан парламентте ошол кездеги спикер Нурланбек Тургунбек уулу баштаган ондон ашык депутат мандатын тапшырган. Анын ичинде Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев да мандатын өткөрүп берген. (ErN)