Ошто балдары менен аялын сабоого шектелген ата милицияга жеткирилди

Балдары менен аялын сабоого шектелген ата милицияга жеткирилди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ош шаарында балдары менен аялын сабоого шектелген ата милицияга жеткирилди. Бул тууралуу 24-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

23-июлда социалдык тармактарда Адилет Мекан (mekanov_adilet) аттуу колдонуучу Instagram баракчасына Ош шаарына караштуу Жапалак айыл аймагынын Орке айылында катталды делген үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу видео жарыялаган. Тасмада ата-энеси балдарын урушуп, уруп сабап жатканы тартылган. Аял өзүн тасмага тартып күйөөсүнөн ур-токмок жегенден кийинки көгөргөн жерлерин көрсөткөн.

Милициядан такташкандай, аталган факты ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодо көрсөтүлгөн жарандар Ош шаарынын тургундары: 1990-жылы туулган Т. Ж., анын жубайы 1996-жылы туулган Д. А. жана алардын 2020-жылы туулган уулу М. У. экендиги аныкталган.

Социалдык тармакка жарыяланган видеодо чагылдырылган окуя 2023-жылдын 22-декабрында тартылгандыгы такталган.

Тергөө маалында жубайлар учурда бирге жашабай тургандыгы аныкталып, жубайы А.Д. милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

“Ошого карабастан үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу бардык жагдайларды ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо максатында Ж.Т. аттуу жаранга карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда”, – деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2024-жылы адам өлтүрүү фактылары боюнча 155 кылмыш иши козголгон, алардын 33үндө жабыркагандар аялдар болгон. 2025-жылы мындай иштердин саны 158ге жетип, анын ичинен 37 иш аялдарга каршы жасалган кылмыштар экени көрсөтүлгөн. (ErN)

Дагы караңыз

Баткенде бир шаар, эки райондо сел жүрдүМиграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 450 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгарылды"Инвестор акча салуудан мурун өлкөнүн кыйноого каршы саясатын карап чыгат""Кызым күйөөсүнөн катуу коркуп калыптыр". Токмокто аялын сабаган эркек камалды