Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Си Цзиньпин.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушууда айтты.

Эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин жетекчилери жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык, айыл чарба, өнөр жай жана инвестиция тартуу, ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу сүйлөштү.

30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот. Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын кабарлаган.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов буга чейин 30-июлдан 1-августка чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын өлкө башчысы Илхам Алиев мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүп жатканын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Улуттук банк Евробиримдиктин санкцияcына кабылган "ЭкоИсламикБанк" боюнча комментарий бердиКоррупцияга айыпталган Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты Пентагон Иран менен согуштагы жоготууларды кайрап карап чыгып, суроолорго жем таштадыWildberries'теги өрт: Салык кызматы кыргызстандык ишкерлер менен соңку жагдайды талкууладыБир айда мас айдоочуларга 126 млн сом айып пул салынды