Акыйкатчы институту бир катар медреседе мыйзам бузуу аныкталганын билдирди

Бишкектеги мыйзамсыз иштеп жаткан диний балдар лагери. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Акыйкатчы институту Кыргызстанда бир катар диний окуу жайлардын окуучуларынын билим алууга болгон укуктары бузулуп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Омбудсмен институту 2025-жылы жети облуста ислам дини боюнча билим берген 21 медресени текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктаган.

Көпчүлүк медреселердин каттоо документтери жок экени, окуу программалары мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш келбестиги, медициналык тейлөө, санитардык-гигиеналык жана өрт коопсуздугунун талаптары сакталбаганы такталган.

“Медреселердин көпчүлүгү юридикалык документинде көрсөтүлгөн даректе иш алып барбайт, такыр башка даректе иштейт. Окуучулардан алынган төлөмдөр ачык-айкын эмес жана расмий келишимдер жок. Көпчүлүк медреселер дин боюнча гана окутуп, мамлекеттик стандарттагы билимди балдар онлайн окушат”, - деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы институту “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам боюнча балдар жогорку жана орто диний окуу жайларына орто же жалпы билим алгандан кийин кабыл алынарын эскертти.

Диний окуу жайларда билим алып жаткандардан жашыруун сурамжылоо жүргүзүлгөндө окуучулардын көпчүлүгү мамлекеттик стандартка ылайык светтик билим алуу жеткиликтүү болбой жатканын айтышкан.

Сөз болуп жаткан мыйзам бузууларга байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына, Башкы прокуратурага, Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар сунуштарды жөнөттү.

Омбудсмен институту медреселердин жана анда билим алып жаткан окуучулардын бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүү, окуу программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келтирүү, жашы жете элек балдардын светтик жана кесиптик билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, медреселердин ишмердүүлүгүнө туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, бир ислам университети, 10дон ашуун ислам институту бар. (BTo)

Дагы караңыз

Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келетУлуттук банк Евробиримдиктин санкцияcына кабылган "ЭкоИсламикБанк" боюнча комментарий бердиКоррупцияга айыпталган Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты Пентагон Иран менен согуштагы жоготууларды кайрап карап чыгып, суроолорго жем таштадыWildberries'теги өрт: Салык кызматы кыргызстандык ишкерлер менен соңку жагдайды талкуулады