Орусиядагы Wildberries компаниясынын өкүлдөрү жабыр тарткан сатуучуларга жарым-жартылай компенсация берилгенин, зыяндын көлөмү толук саналгандан кийин кенемтени эсептеп чыгуу жана андан аркы көрүлө турган иш-аракеттердин тартиби сунушталарын билдиришти.
Бул тууралуу 28-июлда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында Wildberries ишканасынын башкы жана Кыргызстандагы жергиликтүү кеңселеринин өкүлдөрү менен Кыргызстандын тигүү жана жеңил өнөр жай ассоциацияларынын, сатуучулардын жана жүк ташуучулардын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.
Жолугушууда мындан тышкары Орусиядагы кампаларда товары күйүп кеткен ишкерлерди колдоо, Кыргызстанда электрондук сооданы жакшыртуу маселеси талкууланып, кайрылууларды ыкчам кароо үчүн Wildberries ассоциациялардын өкүлдөрү менен биргеликте координациялык штаб түздү.
Экономика жана коммерция министрлиги кыргызстандык ишкерлерди, анын ичинде тигүү тармагындагы ишканаларды колдоо боюнча кошумча мамлекеттик чараларды даярдап жатканын белгиледи.
“Wildberries компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын рыногу ишкана үчүн артыкчылыктуу рыноктордун бири бойдон каларын жана компания өлкөдө ишин кадимки тартипте улантып жатканын белгилешти. Бардык бизнес процесстер үзгүлтүксүз иштеп жатат. Ошондой эле учурда компания Кыргызстан үчүн логистикалык процесстерди калыбына келтирүүгө, кампалардагы товарлардын калдыктарын баалоого жана Орусиядагы кампалардагы окуялардан жабыр тарткан сатуучулар үчүн тиешелүү чечимдерди даярдоого өзгөчө көңүл буруп жатканы белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары жүктөрдү мамлекеттик чек арадан ташып өтүү, товарларды кампаларга бөлүштүрүү жана сатуучулар үчүн платформанын ишин өркүндөтүү маселеси да талкууланды.
Акыркы күндөрү Wildberries компаниясынын ар кайсыл аймактагы, ошол эле Москва облусундагы кампалары да бутага алынууда.
Алгач 18-июлда Wildberries'тин Тамбов облусунун Котовск шаарындагы жана Москва облусунун Электросталь шаарындагы эки кампасына сокку урулуп, сегиз адам каза болгону, болжол менен 50 адам жараат алганы расмий айтылган.
Украин президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөр Орусиянын армиясын дрон тетиктери, навигация жабдуулары жана курал менен камсыздаган логистикалык борборлорго сокку уруп жатканын билдирген:
«Согушту баштаган жерге – Орусияга кайтаруу адилеттүү көрүнүш. Украина орус тарапка тынчтык орнотуу үчүн бардык сунуштарды берди. Дипломатияга өтүүгө басым жасаш керек».
Wildberries'тин кампаларына чабуулдардан кийин жүздөгөн кыргызстандык ишкер товары күйүп кеткенин билдирген. Электросталь, Котовск, Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы өрттөн кийин ишкерлер өкмөткө кайрылып, тарткан зыяны үчүн кенемте төлөө маселесин көтөрүшкөн. (BTo)