АКШ Конгрессинин жогорку палатасы — Сенатта Украинаны президент Дональд Трамп кызматка киришкенден бери алгачкы жолу эки партия тең колдогон эң күчтүү мыйзам долбоору жактырылды. 28-июлда Орусияга жана Иранга экономикалык кысымды күчөтүүгө багытталган кеңири мыйзам долбооруна 86 "ооба" жана 12 "каршы" добуш берилди.
Добуш берүү аталган мыйзам долбоорунун башкы демилгечиси, маркум сенатор Линдси Грэмди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан бир нече сааттан кийин, украин президенти Владимир Зеленскийдин сенаторлор менен жабык жолугушуудагы кайрылуусунан соң уюштурулду.
Жактырылган документ Трампка Орусиянын мунайын жана жаратылыш газын эң ири көлөмдө сатып алуучуларга 200 пайызга чейин тариф киргизүүгө, ошондой эле Орусиянын каржы институттарына, саясий элитасына, олигархтарына, "көмүскө флотуна" каршы санкцияларды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Иранга карата санкциялардын мөөнөтүн 2031-жылга чейин узартат.
Эми мыйзам долбоору Конгресстин Өкүлдөр палатасында добушка коюлат. Ал жакта да эки палатанын тең консенсусу камсыз болору белгиленүүдө.
Сентаттагы талкуу учурунда бул документ жөн гана кезектеги санкциялар пакети эмес, орус президенти Владимир Путинди Украинадагы согушун каржылаган кирешеден ажыратуу боюнча стратегиялык аракет экени бир нече жолу айтылды.
28-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө "жакшы жолугушуу" өткөрүшкөн. Украин лидери Зеленский Трампка украиналыктардын өмүрүн коргоо жана тынчтыкка жетүү үчүн биргелешип аткарып жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирген.