Быйыл тоо-кен ишканалары 46,5 млрд сом салык жана төлөмдөрдү төктү

Кумтөр кени. Иллюстрациялык сүрөт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2026-жылдын январь-июнь айларында тоо-кен казып алуу ишканалары бюджетке 46,5 млрд сом салык жана төлөмдөрдү төккөнүн кабарлады.

Министрликтин маалыматында, 2025-жылдын алгачкы алты айында бул көрсөткүч 28,3 млрд сом болгон. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу биринчи кварталда 18,2 млрд сом салык жана төлөмдөр көп чогултулду.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев буга чейин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстанда тоо-кен тармагына берилген 1982 лицензия текшерелип, 800дөн ашык мыйзам бузуу аныкталганын, анын жыйынтыгы менен 600дөн ашык лицензия убактылуу токтотулганын айткан.

Ал ушул тапта кен иштетүү укугу 30 пайыздан кем эмес мамлекеттин үлүшү бар компанияларга берилип жатканын, алардын ичинде “Кыргызалтын”, “Кыргызгеология”, “Кыргызполиметалл” ишканалары бар экенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Wildberries ишкерлерге кенемте төлөнө баштаганын билдирдиРязанда Wildberries'тин кампасы өрттөнүп жататЖусуп Абдрахманов жөнүндөгү тарыхый тасма тартылып бүттүТарыхый объекттерди сактоо боюнча мыйзам долбоору сунушталдыБашкы прокуратура ӨКМдин эки кызматкери кармалганын билдирдиЖапонияда катуу зилзаладан кеминде 13 кишинин өмүрү кыйылды