Каспий деңизиндеги сокку, татаалдаган абал

Каспийдеги орусиялык флотилия буга чейин Украинанын ичкери аймагына сокку уруп келген. Иллюстрация

Украинадагы жана Ирандагы согуштар кесилишкен учурлар эки жаңжалдын географиясын кеңейтип жатат. Тегеран Киевди Каспий деңизиндеги кемесине сокку урганы үчүн айыптаса, украин тарап орусиялык аскердик техника ташылган багытты бутага алганын айтууда.

Москва Иранда иштелип чыккан дрон технологиясын өздөштүрүп, өндүрүштү кескин көбөйтүп, украин армиясына катуу сокку уруп келатат.

Киевдин көз карашынан алганда, муну менен Иран жаңжалдын кыйыр катышуучусу болуп калды. Демек, Орусияга бет алган ирандык жүк ташыган кемелер мыйзамдуу аскердик бута болуп эсептелет.

Дал ушундай жагдай өткөн дем алышта Каспий деңизинде жаралып, Тегеран ага байланыштуу нааразылыгын билдирди.

Москванын 53 ай мурун Украинага кол салуусу Европадагы саясий кырдаалды астын-үстү кылды. АКШ менен Израилдин Иранга каршы чабуул койгону Жакынкы Чыгыштагы саясий башаламандыкка алып келди.

Украинанын Каспийдеги ирандык же орусиялык жүк ташыган кемелерге урулган соккулары эки согуш үчүн эмнелерди билдирет?

Тегеран “сөзсүз жооп кайтарат”

25-июлда болгон окуянын чоо-жайы бүдөмүк. Украинанын чалгын кызматы (СБУ) пилотсуз учактар орусиялык “Молния” деген ракета ташуучу кемеге, “эл аралык санкциялар салынган Иран менен Орусия ортосунда аскердик жүк тарткан транспорт кемелерине тийгенин” билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский Телеграм каналындагы постунда Украина “Каспий деңизиндеги алыс жерлерге, анын ичинде Ирандын катышуусунда аскердик жүк ташыган кемелерге сокку урууда чоң ийгиликке жетишкенин”, - жазды.

Кеп орусиялык “Порт Оля-2” жана “Бегей” жүк ташуучу кемелери тууралуу жүрүүдө. Экөөнө тең Украинадагы согушка байланыштуу эл аралык санкция салынган.

Алар эмне тартып баратканы так анык боло элек.

Дагы караңыз

Пентагон Иран менен согуштагы жоготууларды кайрап карап чыгып, суроолорго жем таштады

2022-жылдын февралында Украинага басып киргенден кийин уруштун алгачкы айларында ирандык миңдеген жанкечти дрон алган Орусия кийин пилотсуз учак чогулткан өзүнүн заводдорун салып, учкучсуз учуучу аппараттарды өнүктүргөн.

Ирандын бийлиги кемелерге болгон кол салууну айыптап, бир моряктын каза тапканын жана өч аларын билдирген.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи окуяны “БУУнун Хартиясын бузуу” деп сыпаттады жана “Израилди Европаны согушка тартып жатканы” үчүн айыптады.

“Киевге Тегеран андай окуяларга жооп кайтарары жакында айкын болот”, - деп жазды Х социалдык тармагына Иран парламентинин улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Эбрахим Азизи.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков үн катып, Украинанын соккусун Иранга коюлган чабуул деп караш керектигин белгиледи.

Украин жана Иран тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөшкөнү кабарланды

Ал арада The New York Times гезити Батыштагы жана Ирандагы булактарга таянуу менен Тегеран украиналык деңиз портторунун бирине баллистикалык ракета атууну көздөгөнүн, бирок “дипломатиялык аракеттер кызып тургандыктан” акыркы мүнөттө ал идеясынан баш тартканын жазды.

28-июлда украин тышкы иштер министри Андрей Сибига жана Аббас Аракчи абалды телефондон талкуулаганы кабарланган. Сибига Украинанын аракеттери “өз өлкөсүн орусиялык агрессиядан коргоого багытталганын жана аскердик эмес кемелер менен карапайым кишилерди бутага албаганын, Киев кырдаалдын эскалациясын каалабаганын” белгиледи.

Аракчи бул сөздөрдү "Украина кемеге атайылап эмес сокку урганын моюнуна алды" деп чечмеледи. Башкы дипломат Тегеран да абалдын курчушуна кызыкдар эместигин айтып, зыян үчүн кенемте төлөөнү талап кылды.

Дагы караңыз

"Адвокаттарга мүмкүнчүлүк берилген жок". Иранда дагы он адам дарга асылабы?

NYT “чалгын маалыматтар менен тааныш адамдарга” шилтеме менен жазгандай, Иран баллистикалык ракета атууну көздөгөн, бирок ал анча кубаттуу эмес, "символикалык" сокку болмок. Ошол эле маалда Украинаны көздөй кандай болбосун ракета атылса согуштун кеңейишине алып келмек деп белгиленет.

Теннесси университетинин профессору Саед Голкардын пикиринде, Ирандын аскердик күчүн Украинага бурууга дарамети жетпейт.

Эксперт алар «кибер-операциялар, чалгын ишмердиги, орусиялык операцияларды колдоо менен жооп кайтарышы мүмкүн» деп боолголойт.

Ал эми Франциядагы Sciences Po университетинин кызматкери Николь Граевски “Украинаны бул урушка аралаштыруу Ирандын да, Орусиянын да кызыкчылыгына дал келбейт. Балким Орусия Иранды аша чабуудан карманууга чакырып жатат”, - деген оюн ортого салды.

Эксперттер белгилегендей, Махачкалага жакын жерде, украин аймагынан 1300 километр алыс жайгашкан орусиялык флотилия буга чейин Украинанын ичкери чөлкөмдөрүндөгү буталарга сокку уруп келген.