Башкы прокуратура Баткен облусунун Лейлек районунда көмүр казуудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 201 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирди.
Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Ош экологиялык прокуратурасы Лейлектеги токой чарбасынын аймагында көмүр казуу иштеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анда жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан иштерди өз убагында токтотуу үчүн ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарбаганы аныкталган.
“К-А” жана “К-А П” ишканалары бөлүнүп берилген жерден тышкары 100 миң 519 чарчы метр токой жеринин кыртышын мыйзамсыз бузуп, 739 миң 494 куб метр калдыктарды төгүп, милдеттүү төлөмдөрдү которбогону такталган.
Жыйынтыгында токойго 66 млн 342 миң 540 сом зыян келтирилип, бюджетке 135 млн 214 миң 453 сом түшпөй калган. Жалпы зыян 201 млн 556 миң 993 сомду түзгөн.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (BTo)