Кыргызстан менен Өзбекстан Чечме булагын чогуу пайдаланат

Шавкат Мирзиёев жана Садыр Жапаров. Ысык-Көл. 30-июль, 2026-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери - Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев 30-июлда Ысык-Көлдө кыргыз-өзбек кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары кеңейтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту.

Анын ичинде Чечме булагын биргелешип пайдалануу, эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу,
Ысык-Көл облусундагы курорттук-рекреациялык чарба объекттери боюнча 2024-жылдын 18-июлундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол жана башка документтер бар.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанда мамлекеттик сапары менен жүрөт. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүсүндө кыргыз-өзбек соода жүгүртүүсүн 3 млрд долларга чейин жеткирүү керектигин айтты. Эки өлкөнүн лидерлери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору, “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу тууралуу сөз кылышты.

2025-жылы май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин Чечме булагы талаштуу болуп келгенин, чек ара такталгандан кийин ал Кыргызстанга өткөнүн айткан.

2022-жылы ноябрда өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов Фергана облусундагы Сох районуна жакын жайгашкан, өз убагында эки өлкөнүн ортосунда катуу чырга себеп болгон Чечме булагына байланыштуу орток пикир табылганын билдирген. Ага ылайык, булакты бирге пайдалануу, тазалоо жана башка маселелер жөнгө салынат деп белгилеп, аны тараптар өзүнчө макулдашарын кошумчалаган.

Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган. Андан кийин чек араны демаркациялоо боюнча жумуштар жүрүп жатканы айтылган. (BTo)

Дагы караңыз

Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 25ке жеттиАКШ менен Казакстан Каспий куур консорциумундагы кырдаалды талкууладыСот көп аялдуулук иши боюнча экс-губернатор Мирбек Мияровду актадыКыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер 30га чейин көбөйөтСабиров чет элдик инвесторлор менен түзүлгөн келишимдер ачык болорун айтты“75чилердин иши”: Ташиевдин адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы арыз берди