Кыргызстанда ушул жылдын 1-октябрынан тарта эң аз пенсия 8 800 сом болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген кенен интервьюсунда айтты.
Ал буга чейин пенсия жыл сайын 200-300 сом, эң көп дегенде 500 сомго жогоруласа бул жолу сезилерлик көтөрүлө турганын билдирди.
“1-октябрдан баштап минималдык пенсия 8 800 сом болот. Бул бүгүнкү күнгө салыштырганда 1 700 сомго көп. Камсыздандыруу фондуна түшкөн каражат көбөйүп, пенсияны көтөргөнгө мүмкүнчүлүк болуп жатат”, - деди ал.
Кыргызстанда пенсия акыркы жолу 2025-жылдын 1-октябрында жогорулап, эң азы 7 100 сом болгон.
Кыргызстандын Конституциясынын 44-беренесине ылайык, “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам жашоо минимумунан төмөн болбошу керек”.
Улуттук статистикалык комитеттин 2026-жылдын экинчи кварталдагы эсеби боюнча Кыргызстанда жашоо минимуму 9 873 сом. Пенсия курагындагы адамдардыкы 8 720 сом деп көрсөтүлгөн.
Ушул жылдын апрель айындагы маалыматка ылайык, өлкөдө 815 миңден ашуун пенсионер бар. (BTo)