Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түндүк Кипрде бычакталган кыргызстандык Жанерке Абдразакова боюнча комментарий берди.
Тышкы саясат мекемесинин маалыматында айтылгандай, 3-августта Никосия (Лефкоша) шаарындагы Metropol Market дүкөнүндө бычак жеген кыргызстандык ооруканага жеткирилип, операция жасалган.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Түндүк Кипрдин укук коргоо органдары менен окуянын жагдайларын тактап, зарыл болгон консулдук-укуктук колдоо көрсөтүп жатат жана жабырлануучунун жакындары менен байланышта болууда.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Жанерке Абдразакова Казакстанда туулган, азыр Кыргызстандын жараны.
Түндүк Кипрдин полициясы билдиргендей, шектүү өзүнө да бычак сайган. Экөө тең ооруканага жеткирилип, кыздын абалы оор деп бааланууда. Кипрдин маалымат каражаттары шектүү Түркмөнстандын жараны болушу мүмкүн экенин жазышты. Кол салуунун себеби белгисиз. (BTo)