Гемодиализ кызматын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча иш козголду

Иллюстрация сүрөт.

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, чет өлкөдө жүргөн, ошондой эле каза болгон бейтаптарга гемодиализ процедуралары жүргүзүлгөнү тууралуу жалган маалыматтарды каттоо фактылары аныкталган. Андан тышкары айрым менчик медициналык клиникалар лицензиясында көрсөтүлгөндөн да көп адамга кызмат көрсөткөнү такталган.

Жыйынтыгында мамлекетке 226 млн 967 миң сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында Кыргызстанда 2010-жылдан бери гемодиализ алган бейтаптардын саны дээрлик эки эсе өстү. 2010-жылы 2860 адам болсо, бүгүнкү күндө 4478 адам. Өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган 4500дөй бейтап гемодиализди жеке медициналык мекемелерден алат, алар аутсорсинг системасынын негизинде кызмат көрсөтөт.

Мамлекет бейтаптын ар бир сеансы үчүн 6500 сомдон төлөйт жана жылына бул дартка чалдыккандар үчүн 4 миллиард сом бөлүнөт.(BTo)

Дагы караңыз

ТИМ Түндүк Кипрде бычакталган кыргыз жараны боюнча комментарий берди1-октябрдан баштап өлкөдө эң аз пенсия 8 800 сом болотWildberries Казакстанда ири кампа комплекстерин куруп жататГеленжикте пляжга кулаган дрондон каза тапкандар жети кишиге жеттиАдылбек Касымалиев күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айттыИранда Израилдин пайдасына "тыңчылык кылган" деген айып менен эки киши дарга асылдыАлагөзов "чет өлкөлүктөр Кыргызстанда бир да объектини кайтарбай турганын" айтты