Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) “Телекүзөт” программасынын редакторун сабаган деген шек менен 31 жаштагы (Т.Ж.) шектүү кармалды.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына ылайык, жабырлануучу 5-августта борбордун Анкара көчөсүндө шектүү эч кандай себеби жок эле аны сабап, окуя болгон жерден качып кеткенин айтып арыз жазган.
Бул факты боюнча райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, УТРКнын кызматкерине соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Шектүү Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шаардык милиция мындай мыйзам бузуу үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралышы мүмкүн экенин эскертти.
Социалдык тармактарда окуянын видеосу тарап жатат. Тасмадан белгисиз адам имараттын ичинде УТРКнын кызматкерин уруп-согуп жатканын көрүүгө болот.
Шектүүнүн жакындары менен адвокаты комментарий бере элек. (BTo)