Бишкек шаардык мэриясы борбордо 99 автоунаа жолдору жана 21 тротуар оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканын билдирди. Муниципалитеттин маалыматында анын ичинен 43 автоунаа жолу, 13 тротуар боюнча иштеп аяктады.
Бишкектин Ленин районунда 20 көчөдө иштер башталып, беш объект толук бүткөрүлдү. Октябрь районунда 15 көчөдө оңдоо иштери жүрүп, жети объект пайдаланууга берилди. Биринчи май районунда 20 көчөнүн 13дө иштер аяктады.
Свердлов районунда 22 көчөдө оңдоо иштери башталып, 16 объектте иштер толугу менен бүткөрүлдү.
Мэрия бул иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын кошумчалады.
Калаа тургундарынын арасында жаңы салынган айрым автунаа жолдору менен тротуарлардын сапаты начар экенин, көп өтпөй бузулуп жатканын айткандар бар. (BTo)