Корумду чокусунда жоголгон альпинисттерди издөө үчүн куткаруу-издөө тобу түзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ), Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен чогуу Ош облусундагы Корумду чокусуна баратып, дайынсыз болуп жаткан альпинисттерди издөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору Эдуард Кубатов журналисттерге билдирген.
Анын сөзүнө караганда, байланышка чыкпай жаткандарды издөө үчүн башка альпинисттерден турган коомдук куткаруу тобу түзүлгөн.

Бир нече күн мурун Кыргызстандын тоолорунда чет өлкөлүк альпинисттер дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Беларустун альпинизм федерациясы эки беларус жараны кошулган альпинисттер тобу Корумду чокусуна ийгиликтүү чыкканын билдирип, андан кийин байланышка чыкпай калганын маалымдаган. Жоголгон топтун ичинде Латвиянын жарандары да болгону кабарланган.

Былтыр август айында Кыргызстандын Жеңиш чокусунда эки ирандык, бир орусиялык альпинист дайынсыз жоголгон. Дагы бир италиялык альпинист каза болгон.

Альпинисттердин эсебинде, 1955-жылдан 2017-жылга чейин Жеңиш чокусунда 70 киши каза тапкан, алардын көбүнүн сөөгү ак кар баскан тоодо калган. (ZKo)

Дагы караңыз

Wildberries Казакстанга көчөт. Кыргыз ишкерлери эмне болот?Чүйдө Үркүндүн 110 жылдыгына арналган иш-чара өттүЖурналист Саипов Фейсбукка жарыялаган видео үчүн милицияга чакырылганын билдирдиБолгария менен Румыниянын чек арасына жакын жерде дрон жарылды