Жыл башынан бери 387 этностук кыргызга кайрылман макамы берилди

Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында 387 этностук кыргызга кайрылман макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ага ылайык, кайрылман макамын алган этностук кыргыздардын басымдуу бөлүгү – 351 адам Тажикстандан келген. Өзбекстандан 16, Кытайдан 10, Орусиядан 5, Ооганстандан 1, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген төрт кыргыз кайрылман макамына ээ болду.

Кайрылман макамын атайын мекемелер аралык комиссия берет. Анын курамына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү кирет. Арыздарды кароо мөөнөтү үч айга чейин созулат.

Кайрылмандарга Кыргызстандын жарандарына берилүүчү социалдык кепилдиктер менен жеңилдиктерге дээрлик тең укуктар каралган. Алар социалдык жөлөкпул жана пенсия алууга, медициналык жардамдан пайдаланууга, билим алууга жана өлкө аймагында иштөөгө укуктуу.

Кайрылман күбөлүгү үч жылга берилет. Анын ээси бул мөөнөттүн ичинде Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз берүүгө тийиш.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки 35 жыл аралыгында өлкөгө 90 миңден ашуун этностук кыргыз көчүп келген. Алардын 70 миңге жакыны Кыргызстандын жарандыгын алган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстан менен АКШ визалык төлөм маселесин талкууладыПрезиденттик администрациянын өкүлү бажыдагы схемалар боюнча Кенжебаевдин билдирүүсүнө жооп бердиШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына 600дөн ашуун медицина кызматкери тартылат"Жоопкерчилик, экологиялык апаат жана согуштан корккондор балалуу болгусу келбейт". Борбор Азиядагы чайлдфри түшүнүгү  ТИМ Орусиядагы мигранттарды "Амина" тиркемесин орнотууга чакырды