12-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө 18…23, күндүз 32…37;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 34…36° ысыйт.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 23…25° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 10-августта күндүз 22,1°, 11-августта эртең менен 21,6° түздү.