Мирзиёевдин кызы Коопсуздук кызматынын төрага орун басары да болот

2025-жылдын июнь айынан бери Шавкат Мирзиёевдин президенттик администрациясын анын тун кызы Саида Мирзиёева башкарып келет.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 14-августта "Президенттин администрациясы жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду.

Администрациянын макамын, милдеттерин жана ишмердүүлүгүнүн негиздерин белгилеген мыйзам төрт баптан жана 34 беренеден турат.

Документти Мыйзам чыгаруу палатасы 6-августта кабыл алып, Сенат 7-августта жактырган.

Ага ылайык, Президенттин администрациясын мамлекет башчысы түзөт, ага түздөн-түз баш иет жана отчёт берет, уюштуруучулук, укуктук жана аналитикалык тармактарда президенттин ишмердүүлүгүн камсыз кылат.

Негизги милдеттердин катарына президенттин жарлыктарын, токтомдорун жана тапшырмаларын даярдоо, алардын аткарылышын көзөмөлдөө, социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүктүрүү боюнча демилгелерди иштеп чыгуу, калк жана ишкерлер менен ачык диалогду уюштуруу кирет.

Администрацияны президент кызматка дайындай турган жетекчи башкарат. Жетекчиси президенттин алдындагы Коопсуздук кеңешинин (органды президент башкарат) төрагасынын орун басары болуп саналат жана анын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруп, координациялайт.

Учурда администрацияны Мирзиёевдин тун кызы Саида башкарат. Кабыл алынган мыйзам 41 жаштагы Саида Мирзиёева Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болот дегенди билдирет.

Мыйзам президенттин администрациясынын кызматтагы жактарга жана башкаруучу кызматкерлерине кол тийбестиктин өзүнчө кепилдиктерин карайт. Алардын кол тийбестиги, анын ичинде жеке жашоосуна, турак жайына жана кызматтык имараттарына, жеке жана кызматтык унаасына, байланыш каражаттарына, кат-кабарларына, электрондук маалыматтарына, буюмдарына жана документтерине жана үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы тийиштүү.

Администрациянын кызматтагы жактарына карата кылмыш иштеринин козголушу, алардын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген процесстик мажбурлоонун кандайдыр бир чаралары колдонулушу мүмкүн эмес, аларды тергөө аракеттерине чакырууга жана административдик камакка алуу жазасын колдонууга болбойт.

Администрациянын башкаруучу кызматкерлери милдеттерди аткарууга жана ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышпаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн президенттин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Мындай кызматкерге карата кылмыш ишин администрацияда иштеп жаткан учурда да, жумуштан бошотулгандан кийин да башкы прокурор гана козгой алат жана иш Жогорку соттун карамагында болот.

Кызматтагы жактар администрациядан бошотулгандан кийин мыйзамда каралган кол тийбестикти жана иммунитетти өмүр бою, ал эми башкаруучу кызматкерлер беш жылга чейин сактап калышат. Бул кепилдиктерди бузуу менен алынган далилдер жараксыз деп таанылат.

Мындан тышкары, администрациянын кызматтагы жактарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө - жубайына, балдарына жана ата-энесине өмүр бою жарактуу биометрикалык дипломатиялык паспортторду берүү каралган. Башкаруучу кызматкерлер мындай паспортторду администрацияда иштеген мезгилде алышат.

Кызматтагы жактар жана башкаруучу кызматкерлер үчүн администрациядан кеткенден кийин жумушка орношуу кепилдиги да каралган. Мыйзам кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө турак жай, кепилденген медициналык жардам, санаторий-чыңдоо баштаган бир катар социалдык колдоолорду көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карайт.

Администрацияны каржылоо республикалык бюджеттен жана мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардан ишке ашырылат. Анын алдында бюджеттен тышкаркы фонддор да түзүлүшү мүмкүн.

Өзбекстандын президентинин администрация жетекчиси кызматы 2023-жылдын августунда Мирзиёевдин жарлыгы менен жоюлган. Ошол кезде аны Сардор Умурзаков башкарып, кийинчерээк президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.

Бирок 2025-жылдын июнь айында Шавкат Мирзиёев мамлекет башчысынын администрация жетекчиси кызматын кайрадан уюштуруп, бул кызматка буга чейин президенттин жардамчысы, ал эми ага чейин президенттин администрациясынын аткаруу аппаратынын коммуникациялар жана маалыматтык саясат боюнча секторунун башчысы болуп иштеген Саида Мирзиёеваны дайындаган.

Байкоочулар Мирзиёеванын карьералык өсүшү Өзбекстандын президенти өлкөнү башкарууда өз үй-бүлөсүнө таянарын жана өз урпактарын жогорку кызматтарга даярдап жатканын кабарлайт деп белгилешкен.

Дагы караңыз

Энергетика министрлиги электрдин өчүшүнө коңшу өлкөдөгү кырдаал себеп болгонун билдирдиПентагон: Украинанын электр түйүндөрүн оңдоо бир жылга созулушу мүмкүнМалды сыртка сатууну чектеген тыюуну дагы алты айга узартуу сунушталдыМирзиёев көп жыл жанында жүргөн кеңешчисин иштен бошотту