Энергетика министрлиги электр жарыгы боюнча KEGOC'ко жооп берди

Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Казакстанды электрэнергиясы менен камсыздаган KEGOC компаниясынын 14-августта өлкөнүн бир катар аймактарында электр жарыгынын өчүшү тууралуу билдирүүсүнө жооп берди.

Министрлик 14-августта саат 15:37де болгон технологиялык бузулуудан кийин Кыргызстандын энергетикалык тутуму Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунан (БАБЭТ) бөлүнүп, өз алдынча иштөө режимине өткөнүн билдирди. Мекеменин маалыматында Кыргызстандын энергетиктери саат 15:55те Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык тутумундагы жыштыкты нормалдуу көрсөткүчкө - 50 Гцке чейин калыбына келтирген. Ошол эле учурда Кыргызстан коңшу мамлекеттерге болжол менен 250 МВт электр жарыгын берип, жардам көрсөткөн.

Энергетика министрлиги Алматы энергетикалык түйүнүнүн өчүшү Борбор Азиянын энергосистемасындагы жыштык номиналдык көрсөткүчкө жеткенден кийин болгонун кошумчалады. Министрлик ошол эле кезде Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенератордун кыска мөөнөткө өчүрүлгөнү аныкталганын, бул Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык тутумундагы баштапкы бузулуу болуп, аварияга каршы автоматиканын иштешине алып келгенин кабарлады.

“Муну менен катар, бул баштапкы бузулууну башка мамлекеттердеги айрым энергетикалык тутумдардын жана түйүндөрдүн өчүшүнүн түздөн-түз себеби менен теңештирүүгө болбойт. Мындай кырдаалдарда энергетикалык тутумдар тең салмактуулук калыбына келтирилгенге чейин изоляцияланган режимде, анын ичинде төмөндөтүлгөн жыштык шартында да туруктуу иштөөнү камсыз кылат. Ошондуктан Борбор Азиянын башка мамлекеттериндеги энергетикалык түйүндөрдүн өчүшү боюнча ошол мамлекеттердин энергетикалык тутумдарында андан кийинки этапта жүргөн процесстерге өзүнчө талдоо жүргүзүү зарыл. Биргелешкен техникалык иликтөө аяктаганга чейин авариянын кийинки бардык кесепеттери үчүн жоопкерчиликти Кыргызстандын энергетикалык тутумуна жүктөө туура эмес”, - деп айиылат маалыматта.

Энергетика министрлиги технологиялык бузулуунун себептери атайын комиссия иликтей турганын да белгиледи.

14-августта Кыргызстандын бир катар аймактарында электр жарыгы өчүп кайра күйгөн. Энергетика министрлиги муну коңшу Казакстандагы жогорку чыңалуудагы линиянын өчүшүнөн улам Борбор Азиянын энергосистемасы изоляцияланган режимге өткөнү себеп болгону менен түшүндүргөн.

KEGOC компаниясы болсо Кыргызстандын Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенерат өчүп, Алматы, Жамбыл, Түркистан, Кызылордо баш болгон бир топ аймактарда жарык өчкөнүн билдирген.

14-августта электр энергиясы жапырт өчүрүлгөнүн Тажикстандын бир катар шаарларынын жана райондорунун тургундары да кабарлашкан. Жарык өчүрүүлөр болгонун Өзбекстандын Энергетика министрлиги да кабарлаган. (BTo)

Дагы караңыз

Иранда "кас" маалымат каражаттарына маек бергендер абакка кесилет Өкмөт ички дүң өнүм 1 триллион 172,7 миллиард сом болгонун билдирдиКорумду чокусунда жоголгон үч альпинисттин сөөктөрү байкалганы кабарланды Жогорку сот Фейсбук колдонуучусу Маратбек уулун актаган өкүмдү күчүндө калтырдыПодмосковьеде дрон соккусунан Wildberries'тин кампасы өрттөндү, Ростовдо беш киши каза тапты “75чилердин иши”: Адвокаттар тергөөчүлөргө, судьяга чара көрүүнү өтүнүп жатышатЭкс-спикер Тургунбек уулу соттор көз карандысыз болушу керектигин айтты