Орунбековдун тизмеси: Абдирасулова ИИМ териштирүү баштаганын айтты

Дайырбек Орунбековдун постунун алгачкы жана оңдолгондон кийинки версиялары. "Азаттыктын" коллажы.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Түндүк” системасындагы анын сүрөтүн жарыялаган окуя боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштаганын билдирди.

Укук коргоочу Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, ал бул маселеге байланыштуу Башкы прокуратурага жана Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттигине кайрылган. Жыйынтыгында ишти ИИМ көзөмөлүнө алганы белгилүү болгон.

Дайырбек Орунбеков 20-июлда Фейсбукта пост жазып, Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн аккаунттары жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирген. Ал мындай маалыматтарды “мурдараак Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүк эмес уюмдардын тарапташтары таратып” келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулганын” жазган.

Дайырбек Орунбеков аталган саясатчыларга жакын делген жана өкмөттүк эмес уюмдарга тиешеси бар делген адамдардын аты-жөнү, сүрөттөрү, туулган күнү жөнүндө маалымат кошулган тизмени да жарыялаган. Кийин постунан Камчыбек Ташиев жөнүндө сөздү алып, ага байланыштырган адамдардын тизмесин өчүргөн.

Постто аты аталган юристтер, укук коргоочулар, активисттер, саясий серепчилер Дайырбек Орунбековдун жазганын кескин сынга алып, мамлекеттик кызматкер алардын “Түндүк” системасында камтылган жеке маалыматтарын ачыкка чыгарып жибергенине нааразылык билдиришкен.

Айрымдары Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысын сотко берерин айтышкан. Кийинчерээк Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттиги Дайырбек Орунбеков жарыялаган тизмеде ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу териштирүү баштаганын билдирген.

“Түндүк” ачык акционердик коомунун 100% акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөнү быйыл май айында кабарланган. Иш башкармалык азырынча комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан Кытайдан күйүүчү май ташып келүүнү көбөйтүүнү пландап жататОрусияда согушту айыптаган "Яблоко" партиясынын арызы Жогорку сотто четке кагылдыМосква облусу жапырт дрон чабуулуна кабылды, бир нече киши жабыркадыОрмузда кеме аткыланып, бир адам жараат алдыИран Эрбилдеги дрон чабуулуна тиешеси жоктугун билдирдиОш шаардык кеңешинин депутаты кармалдыАбактагы Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыгат