Салык кызматы чет элдик бир катар компанияларды салык төлөөгө чакырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар салык органында милдеттүү түрдө салыктык каттоодон өтүүгө тийиш экенин эскертти. Салык кодексине ылайык, электрондук кызматтарга программалык камсыздоо, онлайн оюндар, интернет тармагында жарнама жайгаштыруу, хостинг жана маалыматтарды сактоо сыяктуу кызматтар кирет.

Электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк ишканалар Кыргызстанда кеңсе ачып иштебейт, бирок салыктык каттоодон өтүп, салык мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарууга тийиш. Ушул тапта өлкөдө электрондук кызмат көрсөткөн 73 чет өлкөлүк компания салыктык каттоодон өткөн.

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда кызмат көрсөтүп киреше таап, бирок каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк уюмдар да аныкталганын билдирди. Мекееме Кыргызстандагы коммерциялык банктар менен биргеликте акча которуулар боюнча маалыматтарды талдап чыгып, көп суммада акча айланткан 11 чет өлкөлүк компанияны аныктаган.

Алар: Alibaba Group Holding Limited (1688), Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. (Pinduoduo), Twitch Interactive, Inc., Microsoft Corporation, Valve Corporation, Sony Interactive Entertainment LLC, Epic Games Inc., Electronic Arts Inc., VK Company Limited, Telegram FZ-LLC, Dropbox Inc.

2024–2025-жылдары бул ишканаларга 15,9 миллионго жакын акча которуу жүргүзүлүп, алардын жалпы суммасы 13,2 млрд сомго жеткени белгилүү болгон. Мунун ичинен 8,89 млрд сому Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd., 2,83 млрд сому Alibaba Group Holding Limited (1688) жана 1,01 млрд сому Microsoft Corporation компаниясына туура келет.

Мамлекеттик салык кызматы сөз болуп жаткан ишканаларга салыктык каттоодон өтүү жана салыктык милдеттенмелерди аткаруу боюнча бир нече жолу расмий каттар жөнөтүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр берилгенин кошумчалады. Маалыматка ылайык, тиешелүү кайрылуулар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык каналдары аркылуу да жөнөтүлгөн.

Мекеме компаниялар ага жооп бере электигин, эгер салыктык милдеттенмелер аткарылбаса мыйзамда каралган чаралар көрүлүп, анын ичинде компаниялардын электрондук сервистерине Кыргызстандын аймагына кирүүнү чектөө маселеси боюнча тийиштүү органдарга кайрылуу жөнөтүлөрүн эскертти. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстандык компаниялар Кытайдан авиакеросин, дизел ташып келетАбактагы Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыгатОрунбековдун тизмеси: Абдирасулова ИИМ териштирүү баштаганын айттыОрмузда кеме аткыланып, бир адам жараат алдыКыргызстан Кытайдан күйүүчү май ташып келүүнү көбөйтүүнү пландап жататОрусияда согушту айыптаган "Яблоко" партиясынын арызы Жогорку сотто четке кагылдыМосква облусу жапырт дрон чабуулуна кабылды, бир нече киши жабыркады