Кыргызстандын бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланыштуу болушу мүмкүн делген дагы 19 компанияны күч менен жабат. Бул тууралуу президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында өткөн жыйындын жыйынтыгында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Кайсы компаниялар жабылары белгисиз.
Министрликтин маалыматына караганда, бийлик ишмердиги санкциялык чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө байланыштуу болушу мүмкүн делген 40ка жакын компаниянын тизмесин түзгөн. Калгандарын текшерүү уланууда.
Мындан тышкары, Кыргызстандын мамлекеттик банктары кардарлардын операцияларына көзөмөлдү күчөткөнү кабарланды. «Элдик Банк» 109дай компания менен кызматташууну токтотту. Дагы 20дай компаниянын эсептерин жабуу процедурасы жүрүп жатат.
АБАНК 35тей компания менен ишкердик мамилесин токтоткон, дагы 40ка жакыны текшерилип жатат.
Бийлик банктар мындан ары да төлөмдөрдү, товарлар жана кызматтар боюнча документтерди, каражатты алуучуларды жана товар жөнөтүлүп жаткан өлкөлөрдү текшерерин билдирди.
Бул чаралар шектүү финансылык операцияларды аныктоого жана Кыргызстанга экинчи санкциялардын киргизүү тобокелдигин азайтууга багытталганы айтылды.
2026-жылдын май айында Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу деп табылган 50 компания жабылганын билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган.
23-апрелде Евробиримдик Кыргызстанга санариптик программалык башкаруусу бар станоктордун жана радио жабдууларынын айрым түрлөрүн жеткирүүгө биринчи жолу тыюу салган. Брюссель мындай товарлар Кыргызстан аркылуу Орусияга реэкспорттолуп, дрон жана ракета өндүрүшүндө пайдаланылышы мүмкүн деп кооптонууда.
Евробиримдиктин маалыматына ылайык, акыркы мезгилде мындай товарлардын Кыргызстанга импорту дээрлик он эсеге, ал эми Кыргызстандан Орусияга экспорту 12 эседен ашык өскөн.
Кыргызстандын бийлиги эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деген айыптоолорду четке кагып келет.
“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде төрт банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” санкцияга илешкен. “ЭкоИсламикБанкты” кошкондо беш банк болду.