Ушул жылдары Кыргызстандан Кытай багытына он миңдеген тонна күмүш, калай, алюминий, сурьма, жез, цинк, коргошун өңдүү түстүү металл концентраттары жөнөтүлгөн. Биз ачык булактардагы маалыматты Кытай статистикасынын негизинде талдап көрөбүз.
Бээжиндин бажы органы Кыргызстан 2025-жылдын февралынан августуна чейинки жети айда Кытайга 47 тонна 876 кг алтын сатканын көрсөтүүдө. Баасы 5 млрд долларга чукул. Көлөмү да суммасы да так-даана жазылган. Мынча алтынды ким экспорттогону белгисиз.
Кыргызстан кандай алтынды Кытайга экспорттоп жатты экен деген суроого жетеленип, анын чоо-жайын тактаганга кириштик.
Бишкек: Улуттук статкомдун эсеби
Алтын экспорту негизинен Улуттук банк менен "Кыргызалтын" ишканасынын колунда (атайын уруксат алган жеке компаниялар да болушу мүмкүн, бирок алар тууралуу маалымат жабык). Улуттук банктан утур-утур сурап атып алган жооп төмөнкүдөй болду.
“Улуттук банк тарабынан алтынды экспорттоо жөнүндө маалымат туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине берилет жана Улуттук статистика комитетинин расмий басылмаларында чагылдырылат”, - деп жазылган Улуттук банктын катында.
“Кыргызалтын” дагы ушундай эле жооп берип, алтындын так эсеп-кысабын статистика органына берип турарын билдирүү менен чектелде.
Улуттук статистика комитетинин эсептерине келсек, анда 2025-жылы Кытайга болгону 200 грамм алтын экспорттолгон. 6,2 тоннадан ашуун алтын негизинен Швейцария, Улуу Британия, Малайзия жана Түркияга сатылганы көрсөтүлөт.
Мекеме жарыялаган маалыматтары Улуттук банктын эле эмес, “Кыргызалтын” жана жеке кен компаниялары сыяктуу өлкөдөгү бардык ишканалардын көрсөткүчтөрүн камтый турганын билдирет.
«Процедура боюнча Улуттук банк дагы биздин статистиканы колдонуучу болуп эсептелет. Биз расмий статистиканы чогултабыз.
– Жалаң эле Улуттук банк эмес, башка компаниялардын деле экспорттогон маалыматтары сиздерге түшүп, сиздерден жалпыланып чыгабы?
– Сөзсүз.
Мындай жоопту Улуттук статистика комитетинин Тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Сулайманова "Азаттыкка" узатты.
Ал эми 2026-жылдын биринчи жарымында Кыргызстан Кытайга бир грамм да алтын саткан жок. Мунун айынан экспорту былтыркы мезгилге караганда дээрлик нөлгө барабар болду. Башкача айтканда - 98% кем болду. Алсак, 2025-жылдын алты айында 3,9 млрд доллар болгон экспорт 2026-жылы араң 75 млн долларга жеткен. Анын да дээрлик 90% (66,9 млн $) күмүш, калай, коргошун, алюминий, жез өңдүү түстүү металлдардын концентраты болуп эсептелет.
Кызыгы, Кытайдын бажы статистикасына таянсак, Кыргызстан ал жакка ири көлөмдөгү алтынды 2024-жылы да саткан болуп чыгат. Ал жылы Кытай багытына 30 тоннадан ашуун алтын экспорттолгон.
Кыргыз статистикасы да ал жылы 30,5 тонна алтын экспорттолгонун, бирок анын 1,8 тоннасы гана Гонконгго сатылганын жарыялаган. Негизги көлөм Улуу Британия менен Швейцарияга кеткен.
Кыргызстан эки жылда Кытайга чын эле 80 тоннадай алтын саттыбы? Ал эмне болгон алтын? 2025-жылы сатылган алтын менен Кыргызстандын алтын корундагы 48 тоннага чукул көлөм жөн гана дал келүүбү?
Кыргызстандын канча алтыны бар?
“Азаттыктын” катына жооп жазган Улуттук банк Кыргызстандын эл аралык алтын кору тууралуу мындай маалымат берди.
“Эл аралык резервдердеги монетардык алтындын көлөмү болжол менен 48 тоннага барабар (1 534 487,291 трой унциясы = 47 728 килограмм). Эл аралык корлордун курамына кирген алтын Улуттук банктын сактагычында турат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгаштырылган”.
Канча алтын Кыргызстанда, канчасы чет өлкөдө (кайсы өлкөдө) экенин мекеме тактаган жок.
2023-жылдын ортосуна карай Улуттук банкта 50 тоннага чукул алтын сакталып турганы кабарланган. Ага ишенбеген депутаттар мекеменин кампасына барып, алтын куймаларын кармап сүрөткө да түшүп келишкен.
Эми жөнөкөй логика менен эсептеп көрөлү.
Депутаттар тактагандан бери 2023-жылы 21,4 тоннадай, 2024-жылы 26 тоннадан ашуун, 2025-жылы 26 тонна алтын өндүрүлгөнү кабарланган. Демек, Кыргызстанда дагы 73 тоннадан ашуун көлөм пайда болгон.
Статкомдун эсебине ишенсек, 2023-жылы 20,2 тонна, 2024-жылы 30,6 тонна, 2025-жылы 6,2 тонна алтын экспорттолгон.
Тоо-кенчилер ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков Улуттук банкта 20 тоннага чейин алтын сактоо мүмкүн экенин, Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын баары ошол кампада турарын айтат.
Дүйшөнбек Камчыбеков
“Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын, биринчи кезекте “Кумтөрдө” өндүрүлгөн алтын, “Кыргызалтын” аркылуу Кара-Балтадагы аффинаждык заводдон тазаланып өткөндөн кийин (9999 чейин келтирилип, Лондондун биржасынан алынган сертификаты бар да, ошол боюнча Good delivery деген сапаты менен чыккандан кийин), мыйзам чегинде ушундай жобосу бар, түздөн-түз Улуттук банкта сакталышы керек. Биздин маалыматыбыз боюнча болжолдуу сан менен айта турган болсок, 16 тоннадан 20 тоннага чейин таза алтын түрүндө Улуттук банкта сакталат деп айтып келебиз”.
Бондулук аймактар аркылуу өткөн 78 тонна алтын
Акыры жагдайды Бажы кызматы жарым-жартылай ачыктагандай болду. Мекеме алтын соодасы боюнча эки өлкөнүн статистикасында олуттуу айырмачылыктар бар экенин билдирип, анын чоо-жайын мындайча түшүндүрдү.
“Кытайдын көрсөткүчтөрүнүн негизги бөлүгү “Бондулук аймак аркылуу соода” деген бажылык режимге туура келет. 2025-жылдын сентябрында өткөн Кыргызстан менен Кытайдын бажы органдарынын эксперттик жолугушуусунда алар 2024-жылы Кыргызстан Кытайга алтын экспорттобогонун билдирген. Алтынды үчүнчү өлкөлөр жөнөткөн”.
| Бажылык режим | 2024-жыл, т | 2025-жыл, т |
| Импорттолгон материалдарды колдонуп кайра иштетүү | 0,21 | 4,426 |
| Бондулук аймак аркылуу соода | 30,201 | 43,451 |
| Жалпы | 30,411 | 47,876 |
Булак: Мамлекеттик бажы кызматы
Кытай өнөктөшүнүн маалыматына таянган кыргыз бажысы ири көлөмдөгү алтын кайсы бондулук аймак аркылуу өткөнүн жана кайсы мамлекетке таандык экенин тактаган жок. Кытайдын эсеп-кысабына киргенине караганда, алтын аларга караштуу бондулук аймак аркылуу өткөндөй. Бирок, Кыргызстандан барган “үчүнчү өлкөнүн” алтынынын кыргыз эсебинде изи калбаганы таң калыштуу.
Бондулук аймактар жана кампалар - өзгөчө бажылык макамга ээ атайын логистикалык аймактар. Мындай аймактарда товар расмий сатыкка чыкканга же бажылык тариздөөдөн өткөнгө чейин алымдар менен салыктарды төлөбөй сактаса болот.
Кыргызстандын аймагында канча бондулук аймак иштээри белгисиз. Расмий кабарланып келгендей, 2024-жылы Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрү Кашгар шаарында ири бондулук аймак ачышкан. Анын негизги оператору катары “Кыргызпочтасы” компаниясы аталган. Кытай өкмөтүнүн өкүлү “Кыргызпочтанын” транспортуна “жашыл коридор” ачууну кубаттай турганын билдирген.
Муну менен катар, былтыр Кытайдын ZTO Cloud Warehouse Science and Technology компаниясы “Манас” аба майданында ири бондулук аймак түзүүгө кызыгып жатканы айтылган.
“Үчүнчү өлкөнүн” дареги кандай? Алтын аткезчилигинен кооптонуу
Алтынын Кыргызстан аркылуу сатып, изи калып, өзү көмүскөдө турган “үчүнчү өлкөнүн” төркүнүн табууга азырынча мүмкүн эмес. Ошол эле маалда алтын аткезчилиги тууралуу каңшаар дагы токтой элек.
Кыргызстанда башка өлкөлөргө алтын экспорттоо үчүн Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментинен атайын уруксаты керек. Мындай ыйгарым укукка Улуттук банк менен “Кыргызалтын” ишканасы эгедер экени белгилүү.
Баалуу металлдар департаменти билдиргендей, экспорттолуп жаткан алтындын ар бир партиясы изилденип, ар бирине өзүнчө корутунду берилет жана анын негизинде Экономика министрлигинен ошол партияга лицензия ыйгарылат.
Расмий эсепте, 2025-жылы жалпысынан 118 корутунду берилген. Департамент экспорттогон компаниялар, алтындын көлөмү жана кайда экспорттолгону тууралуу маалыматтар жабык болорун билдирди.
Аты бар, бирок изи жок алтын экспорту көп суроолорду жаратат. Алардын ичинде алтын аткезчилиги да ойго кылт этет. Анткени, Кыргызстанда алтын аткезчилиги боюнча мисалдар көп эле.
Соңку эки-үч жылда атайын кызмат алтын аткезчилигине байланышкан бир нече лкуя катталган. Маселен, 2023-жылдын күзүндө аткезчилик жол менен 51,8 кг алтын куймасын мыйзамсыз алып өтүп бараткан жеринен кармалган Армения жараны соттолуп, товары мамлекетке алынган. Маалыматтарга караганда, ал алтын куймалары Орусиядан Дубайга карай өтүп бараткан.
2024-жылдын соңунда АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстанда катталган төрт фирманы санкциялык тизмеге киргизген. Андагы маалыматтар боюнча, "Мирдк Фьюелс”, “Суприм Эф Икс”, “Сахара Петролеум” жана “Роял Сона” аттуу компаниялар Кыргызстан аркылуу алтын аткезчилигин жана акча адалдоону ишке ашырып турган.
Санкциялык документте белгиленгендей, Зимбабведеги Skorus Investments (PVT) деген компанияны жетектеген Дэвид Пол Кросби, ал жактан алтын сатып алып аны Бириккен Араб Эмирликтерине Камлеш Мансухлал Дамжи Паттни ысымдуу алтын жана алмаз аткезчилиги боюнча эл аралык түйүндүн уюштуруучусуна жөнөтүп турчу.
Санкцияга кабылган төрт фирма кыргыз өкмөтүнүн казынасына бир сом да төккөн эмес, алар Африкадагы алтын аткезчилигине кандай жолдор менен катышканы же көмүскө жол менен иштегени белгисиз.
Андан да ары үңүлсөк, 2012-жылы кытайлык кен компаниясы кыргыз аткаминерлери менен ымала түзүп, 3400 тонна алтын рудасын аткезчилик менен ташып кетүүгө шектелгени белгилүү.
Кытайга экспорттолгон түстүү металл
Бээжиндин дагы бир эсептери назарды бурат. Кыргызстан 2025-жылы он миңдеген тонна түстүү металл концентраттарын Кытайга экспорттогон.
Ал эми соңку беш жылдын көрсөткүчтөрүн карасак, Кытай Кыргызстандан негизинен алтын, күмүш, сурьма, калай, жез, коргошун, цинк өңдүү түстүү металлдарды сатып аларын көрөбүз. Бул аралыкта алардын үлүшү жалпы кыргыз экспортунун (Кытайга карай) тең жарымынан тарта 95% чейин жеткен. Бирок, алардын баары Кыргызстанда казылган металлдарбы же башка өлкөлөрдүн продукциясыбы белгисиз.
Эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков Кыргызстан мынча ири көлөмдөгү түстүү металлдарды экспорттошу күмөн экенин айтып, мындайча аргументин келтирди.
“Казак өлкөсү менен иштетип аткан Чаткал жергесинде жайгашкан “Бозымчак” деген кен бар. Ал кенде аз көлөмдө жез жана ага кошулуп алтын өндүрүлөт. Кыргызстанда андан башка жез өндүргөн бир дагы мекеме жок. Алар өндүргөн продукциясын өздөрүнө - Казакстанга алып кетет. Бизде коргошун өндүрүлбөйт. Кадамжайда анча-мынча калай өндүрүлөт, бирок ал аз эле көлөмдө. Калай түздөн-түз Түркиянын инвестициясынын негизинде өндүрүлүп келет. Коргошуну болобу, цинки болобу, башка металлдар бизде өндүрүлбөйт. Алар чоң көлөмдө көрсөтүп атса, менин түшүнүгүмдө, демек ал туура эмес”.
2025-жылы Кытай дүйнө өлкөлөрүнөн жалпысынан 886 тонна алтын сатып алып, анын 215,3 тоннасын Гонконг жана Швейцариядагы биржаларда, дагы 8 тоннадан ашуунун Иран, Сингапур, Бириккен Араб Эмирликтери жана Тайландга саткан. Бээжиндин алтын импортундагы 37 өнөктөшүнүн ичинен барааны боюнча Кыргызстан 6-орунда турат.