Саясатчы Мавлян Аскарбековго Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Бул тууралуу анын адвокаты Эрик Ирискулбеков 20-августта соттук отурумга кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берген учурда айтты. Жактоочунун маалыматында Мавлян Аскарбеков жазган постко соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүп, эксперттер “анда улут аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар” деген тыянак чыгарып берген. Эрик Ирискулбеков жүргүзүлгөн экспертизага макул эмес экенин, иште бир да күбө жок экенин айтты.
Бишкектин Ленин райондук сотунда Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук угуу өтүп жатат.
Эрик Ирискулбековдун сөзүнө караганда, саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.
Мавлян Аскарбеков кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына ага провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.
47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген. (BTo/DSh)