Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Кара айылында 1 492 адам жашайт. Алардын 139у Кыргызстандын жарандары. Ушул күнгө чейин 1 147 киши кыргыз жарандыгын алуу боюнча документ тапшырды. Таш-Төбө айылында жалпы 466 тургун бар болсо, алардын 116сы Кыргызстандын жарандары. Алардын 207и кыргыз жарандыгын алуу үчүн документ берди.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жарандык алуу, тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкуулады.
Мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болгон Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашайт.
Кыргызстан Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарынын ордуна Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер берүүнү макулдашкан.
Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган. Андан кийин чек араны демаркациялоо боюнча жумуштар жүрүп жатканы айтылган. (JsA)