Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев мамлекет күйүүчү-майлоочу май ташып келген компанияларга субсидия берүүнү улантарын билдирди.
Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып сырттан кара май сатып келүү боюнча ишканалар түзгөн ар бир контрактты комиссия өзүнчө карап чыгып, баалардын дал келишин көзөмөлдөй турганын кошумчалады.
“Президенттин “баа кандай болсо да ала бергиле. Компенсация берилет” деген тапшырмасы бар. Биз компаниялардын баарын чакырып муну айттык. Президенттин тапшырмасынын алкагында бул иштерди аягына чейин аткарабыз. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Алешович кечээ жыйын өткөрүп “компенсация төлөө дагы уланат” деп компанияларга билдирүү кылды”, – деди ал.
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы буга чейин арзан баада алынган күйүүчү майдын кору азайып, жаңысы кымбаттап жатканын кабарлаган. Мунай ташуучулар мурда арзан баада алып келинген күйүүчү май азайып жатканын, ички рыноктогу таңкыстыкка жол бербөө үчүн кийинки ири партияларды сатып алуу үчүн келишим түзүү зарылчылыгы бар экенин эскертишкен.
Данияр Амангелдиев АИ-92, автогаз жана дизелдин баасы туруктуу болорун, бирок АИ-95 жана АИ-100 үлгүсүндөгү бензин кымбатташы мүмкүн экенин айтты.
Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.
Бийлик абалды жөнгө салып, бензиндин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн 25-майдан тартып АИ-92, газ жана дизелге мамлекеттик субсидия киргизген. Ал 30-сентябрга чейин уланат. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мамлекет бензиндин, дизелдин жана автогаздын баасын кымбаттатпай кармап туруу үчүн күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларга бюджеттен субсидияга болжол менен 1 миллиард сом коротконун кабарлаган.
Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген соңку интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айткан.
Данияр Амангелдиев 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май алып келүү боюнча келишимге кол койгонун билдирген. Ал эки жуманын аралыгында алынып келерин кошумчалады.
Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү боюнча Орусия, Беларус, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташып жатат.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе, анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (BTo)