Президент Жапаров чет жакта жүрүп бийликти сындагандарга ишенбөөгө чакырды

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров элди чет өлкөдө жашап бийликти сындап жаткандарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы 24-августта жаңыланган “Ак-Кеме” мейманканасынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Садыр Жапаровдун сөзүнө караганда, “Ак-Кемени” түрк ишкерлери тунгуч президент Аскар Акаевдин бийлиги тушунда салган. Кийин имарат тартып алынып, ишкер Нью-Йорктогу сотко берип, Кыргызстан 16,5 миллион доллар доого жыгылган.

16,5 миллион доллар 2020-жылга чейин 30 миллион долларга өскөн. Президент түрк ишкерлери менен сүйлөшүп отуруп, тынчтык келишимине жетишкенин, бийлик 6,5 миллион доллар төлөп берүүгө көндүргөнүн кошумчалады. Ал “Ак-Кеме” инвесторго 15 жылга ижарага берилгенин, бул убакыт өткөндөн кийин 100% мамлекетке өтөрүн айтты.

“Жөн эле 15 жыл колдонбойт, жөн эле ижарага берип коюп, 15 жыл карап отурбайбыз, бүгүнкү күндөн баштап айына 60 миң доллардан мамлекетке ижара төлөп турат. 60 миң доллар! Мурда 60 миң доллар эмес, тескерисинче 2023-жылы биз алган мезгилде 30 миллион сомдун тегерегинде ушул имараттын карызы бар болчу, ар кайсы төлөмдөр боюнча, коммуналык төлөмдөр бар. Мына ошентип бул имаратты инвесторлорго берип, 15 жылга мына ушундай абалга келтирдик. Мен муну эмне үчүн айтып жатам, силерде маалымат болсун деп айтып жатам. Анткени жанагы чет өлкөгө чыгып алып, жалган маалыматтарды токуп, “үрүп” жаткандарга ишенип албагыла деп айтам. Мына менин өз оозуман уктуңуздар, ошон үчүн маалымат иретинде айтып коёюн”, - деди ал.

Садыр Жапаров чет өлкөгө чыгып кеткендер боюнча сөзүндө кайсы бир адамдардын атын атаган жок.

Соңку күндөрү чет жакта жүргөн ишкер Сыргак Кенжебаев, “Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк бийликти сындап жатат. Андан тышкары чет жакта жашап жаткан эколог Самат Кушбек да бийликтин ишин сындап келатат. (BTo)

Дагы караңыз

“75чилердин иши” боюнча сот 27-августка жылды Милиция “Манас Ордодогу” жаңжалды териштирип жататАкаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштадыЖумаев Таласта Нурдан Орунтаевдин аты аталган жаңжал боюнча комментарий бердиӨзбекстанда экинчи АЭСтин долбоору даярдалып жатат