Чоң-Алайдагы Корумду чокусунда жоголгон үч альпинисттин экөөнүн сөөгү табылды. Беларус тоо сүйүүчүсү Александр Смирновдун маалыматына ылайык, беш альпинист тик учак менен 4300 метр бийиктиктеги мөңгүгө жеткирилип, алар экөөнүн сөөгүн тапкан жана ылдыйга алып түшүү иштери башталды.
16-августта тоо боорун дрон менен тартуу учурунда кар көчкү жана таш түшкөн жер аныкталып, ал жерде дайынсыз болуп жаткандардын сөөгү болушу мүмкүн экени айтылган.
43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов аттуу эки беларус жана 37 жаштагы литвалык Сергей Рубцов 1-августта 6613 метрлик Корумду чокусуна чыккан. Алар 2-августта тоодон түшүүгө даяр экенин, 4-августта белгиленген жерде болорун билдирип кабар беришкен. Бирок бул датада белгиленген жерде күткөн айдоочу аларды жолуктура алган эмес.
Александр Смирнов дайынсыз болуп жаткан альпинисттер тажрыйбалуу экенин кабарлаган.
Корумду чокусу - Памир-Алай тоо системасынын Чоң-Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан, бийиктиги 6613 метрге жетет. Альпинисттер Кыргызстандын чокуларында дайынсыз болгон же каза тапкан окуялар буга чейин да катталган.
2025-жылы августта Жеңиш чокусунда орусиялык альпинист Наталья Наговицина жана италиялык Лука Синигалья каза болгон. Андан тышкары, ирандык альпинисттер Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллах чокудан түшүп келатып дайынсыз жоголгон. (BTo)