Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин айланасындагы талкуу боюнча дагы бир жолу комментарий берди.
Ал Фейсбуктагы баракчасына видео жарыялап, Сулайман-Тоого башаламан курулуштарды курууга уруксат берилбей турганын, тоонун айлана-тегерегин иретке келтирүү, көрктөндүрүү гана максаты бар экенин айтты.
“Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинен чыгарбаган күндө да биз тоону көрктөндүрүүгө аракет кылышыбыз керек. Биз жакынкы күндөрү ЮНЕСКОнун өкүлдөрү, маданият министрлиги менен бир столго отуруп ЮНЕСКОнун талаптарын сактап, алар менен макулдашып эч кандай курулушу жок эле шаардыктарга, меймандарга шарт түзүп беребиз деп ойлойм. Сулайман-Тоонун тагдырына кабатыр болбоңуздар. Сулайман-Тоонун тегерек-четин тазалап, көрктөндүрүү иштерин гана кылбасак эч качан зыяныбыз тийбейт”, - деди ал.
Жанарбек Акаев соңку маегинде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевге "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушун берерин айткан. Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты. Акаев бул анын жеке демилгеси экенин, ага өкмөттүн тиешеси жоктугун билдирген.
“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси тоого асма жол салууга жана ашыкча курулуштарга жол берилбей турганын эскерткен.
Сулайман-Тоо Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карайт. Ал беш чокудан турат: Буура-Тоо, Шор-Тоо, Рушан-Тоо, Ээр-Тоо жана Кекилик учар. Тоонун капталдарында 400гө жакын петроглифтер жана байыркы жазуулар сакталган. "Сулайман-Тоо" музей комплексинде 33 миңден ашуун экспонат бар, алардын катарына археологиялык табылгалар, этнографиялык буюмдар жана кол өнөрчүлүк үлгүлөрү кирет.
Сулайман-Тоо 2009-жылы 26-июнда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине “Ыйык тоо” номинациясы боюнча киргизилген. ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган корук 134 гектарды камтыйт. Бул аймакта Ош турак жайы, Рабат Абдуллахан мечити, Асаф ибн Бурхия күмбөзү жана башка тарыхый эстеликтер жайгашкан.
Тарыхый-археологиялык музей комплексинде жашылдандыруу иштерине жана жаңы курулуштарга тыюу салынган, бардык өзгөрүүлөр ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык ишке ашат. (BTo)