Непал: Суу ташкында 160тан ашуун киши набыт болду, жүздөгөн турист дайынсыз

Кытайдын Тибет аймагындагы Гиронгдо орнотулган көзөмөл камерасы Непал-Кытай чек арасын сел каптаган учурду тартып алган.

Непал менен Кытайдын Тибет аймагынын чек арасында жүргөн катуу селден кеминде 160 адамдын өмүрү кыйылды. Жүздөгөн адам, анын ичинде чет өлкөлүк туристтер, зыяратчылар, полиция кызматкерлери жана курулушчулар дайынсыз болууда.

Алдын-ала маалыматтарга караганда суу ташкындын башталышына Гималайдагы мөңгүдөн муз жана таш аралаш ири көчкүнүн түшүшү себеп болушу мүмкүн.

Непал полициясы 26-августта кечке карата өлкөдө кеминде 160 адамдын сөөгү табылганын билдирди.

Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы Тибеттин Непал менен чектеш Гиронг аймагында кеминде үч киши каза болуп, 265 адам дайынсыз экенин кабарлады.

Кытайдын “Синхуа” агенттиги жабыркагандар көп экенин, алардын так саны аныкталып жатканын билдирди.

Дрон менен тартылган кадрларда сел жолдорду толугу менен талкалап, имараттар ылайдын астында калганын көрүүгө болот. Айрым жерлерде суунун агымы үйлөрдүн экинчи кабатына чейин жеткен.

Непалдын өзгөчө жабыркаган Нувакот аймагында сел ушунчалык тез келгендиктен, көпчүлүк тургундар коопсуз жерге чыгып кетүүгө үлгүргөн эмес.

Непалдын Тришули аймагында катуу селден кийин талкаланган үйлөр жана башка имараттар. Дрон менен тартылган кадр.

400дөн ашуун киши дайынсыз

Непал бийлигинин маалыматы боюнча, кырсыктан кийин 403 адам дайынсыз деп катталды. Алардын 341и чет өлкөлүк жарандар.

Жоголгон туристтердин олуттуу бөлүгү Тибеттеги Кайлас тоосуна зыяратка бара жатышкан.

Кайлас индуизмде ыйык жерлердин бири болуп эсептелет жана жыл сайын ага Индиядан жана башка мамлекеттерден миңдеген зыяратчылар барат.

Непалдын Расува району Кайласка баруучу негизги туристтик маршруттардын биринде жайгашкан.

Непалдын Туризм кеңешинин өкүлү Сунил Шарманын маалыматына караганда, дайынсыздардын арасында 133 индиялык зыяратчы бар.

Мындан тышкары АКШнын 47, Австралиянын 34, Британиянын 33 жана Канаданын 24 жараны дайынсыз деп эсептелүүдө.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Непалдагы селден америкалык жарандар жабыркаганы тууралуу маалымат бар экенин жана кырдаалга көз салып жатканын билдирди.

Түштүк Кореянын бийлиги Непалда ГЭС курулушунда иштеген тогуз жараны дайынсыз экенин кабарлады. Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Расува районунда болушу мүмкүн деген 11 малайзиялык турист менен байланыш үзүлгөн.

Орусиянын Непалдагы элчилиги дагы кырсык болгон аймакта жүргөн төрт орус жараны дайынсыз болуп жатканын билдирди.

Дайынсыздардын арасында жергиликтүү тургундар да көп. Расува районундагы Госайкунда көлүнө жөө саякатка чыккан непалдыктардын арасынан кеминде 62 киши табыла элек.

Непал полициясынын өкүлү Аби Нараян Кафле кеминде 28 полиция кызматкери дайынсыз экенин билдирди. Reuters буга чейин Расувадагы чек ара бекеттеринин бирин суу толугу менен агызып кеткенин кабарлаган.

Көпүрөлөр менен жолдор талкаланды

Непалдын чек арага жакын аймактарындагы инфраструктурага да олуттуу зыян келтирилди.

Расмий маалыматка ылайык, кеминде 19 көпүрөнү жана 40 чакырымга жакын жолду суу агызып кеткен. Бир нече айыл жана гидроэнергетикалык объектилер талкаланган.

Бхотекоши дарыясы шаршембиде таңкы саат тогуздар чамасында нугунан ашып, жолундагы калктуу конуштарды каптаган.

Тоолуу аймактагы жолдордун бузулушу куткаруу иштерин кыйындап жатат. Айрым жерлерге тик учактар да коно албай жатканы кабарланды.

Непал өкмөтү Кытай менен Индиядан жардам сурады.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Непалдын премьер-министри Балендра Шах менен сүйлөшүп, Дели зарыл болгон гуманитардык жардамдын бардык түрүн көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

БУУнун айрым түзүмдөрү да Непалга жардам көрсөтүүгө даярдык көрүп жатат. Уюмдун өкүлү Стефан Дюжарриктин айтымында, кырсыктан кийин гуманитардык жардамга муктаждык өтө чоң болушу мүмкүн.

Кырсыктын так себеби азырынча расмий аныктала элек

Алгач Непалдын расмий өкүлдөрү аймакта болгон жер титирөө мөңгүнүн кулашына түрткү берип, андан кийин сел жүргөн болушу мүмкүн деген божомолду айтышкан.

АКШнын Геологиялык кызматы башында Катмандудан 66 чакырымдай түндүктө, Кытай менен чек арага жакын жерде магнитудасы 4,4 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирген.

Непалдын Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана башкаруу боюнча улуттук мекемеси Planet Labs компаниясынын спутниктен тартылган сүрөттөрүн изилдеп, муз жана таш аралаш көчкү Лхенде дарыясына түшүп, андан кийин ылай, таш жана суу аралаш катуу агым пайда болгонун билдирген.

Кырсык болгон аймак акыркы 14 айдын ичинде экинчи жолу ири селге туш болуп жатат.

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча адис Сасвата Саньялдын айтымында, бул жолку сел Непал тараптагы мөңгүдөн муз жана таш аралаш көчкү түшүп, дарыянын нугун убактылуу бөгөп калгандан кийин башталган.

Топтолгон суу тосмону жарып өткөндө төмөн жакка эбегейсиз көлөмдөгү суу, таш жана ылай бир учурда агып кеткен.

Ушул эле аймакта 2025-жылдын августунда да катуу сел жүргөн. Анда Тибеттеги мөңгү көлү абанын температурасынын жогорулашынан улам ташып, тогуз киши каза болгон. Непал менен Кытайды байланыштырган маанилүү көпүрө жана башка инфраструктура талкаланган.