Бишкектин түштүк бөлүгүндө чет өлкөлүк жумушчулар жашаган жатаканадагы мушташтын чоо-жайын милиция териштирүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.
Маалыматка караганда, 28-августта кечке маал Аалы Токомбаев көчөсүндөгү жатаканада кайым айтышуудан башталган чыр мушташка айланган.
Бишкек шаардык милициясы аталган окуяга катышкан 20 чет өлкөлүк кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирди. Бул жарандар Кыргызстандын аймагынан депортацияланары да кабарланды.
Буга чейин социалдык тармактарда жатаканадагы жаңжал тууралуу видеолор тараган эле. Анда негизинен аталган жатаканада кытайлык жарандар жашаганы айтылган болчу.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп жатканы, кырдаал туруктуу экени кабарланды.
Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, өз ара урмат-сый менен мамиле кылууга жана коомдук жайларда сөгүнгөн сөздөрдү колдонуудан алыс болууга чакырды. Коомдук тартипти бузган жана майда бейбаштык жасагандар мыйзам жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Соңку мезгилде Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар катышкан укук бузуулар тартылган фото-видеолор социалдык түйүндөргө тарап, талкуу жаратып келет. Ички иштер министрлиги мындай окуяларга катышкан чет элдиктердин айрымдарына эскертүү берип, кээ бирлерин кармаган. Бийлик өлкөдө мыйзам бузууга аралашкан чет элдиктер өз өлкөсүнө чыгарыларын эскертип келет. (BkA/ZKo)