Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районунун “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокусуна “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
“Ынтымак ордо” билдиргендей, Министрлер кабинети үч айдын ичинде мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
1-сентябрда Бишкектеги “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.
Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Беларустун, Ирандын президенттери, Кытайдын төрагасы жана Индия менен Пакистандын премьер-министрлери катышууда.
Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда.
2001-жылы Бээжин жана Кремлдин демилгеси түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. ШКУга мүчө 10 мамлекетте жалпысынан 3,4 миллиардга жакын адам жашайт. (BTo)