Жапаров Эрдоган менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 1-сентябрь, 2026-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 1-сентябрда, Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушуу өткөрдү.

Президенттин администрациясынын билдиришинче, жолугушууда кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүү, эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө сөз болгон.

"Соода-экономикалык жана инвестициялык, билим берүү, саламаттык сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык жана башка багыттар сыяктуу келечектүү тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды", - деп жазылган маалыматта.

Ушул эле күнү ШКУнун алкагында Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жолугуп, аскердик кызматташтыкты талкуулаганы кабарланган.

Түркия Кыргызстандын эң ири соода-сатык өнөктөшү. Өлкөдө түрк компаниялары ачкан жүздөгөн ишканалар бар. Алар кен казуу өнөр жайы, курулуш, финансы жана соода тармактарында иштешет.

Түркиядан Кыргызстанга текстиль, курулуш материалдары, электр буюмдары импорттолсо, Кыргызстан кайра айыл чарба жана эт азыктарын экспорттойт.

Түркия Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. (ST)

Дагы караңыз

Эрдоган Түркия ШКУ менен кызматташтыкты өркүндөтөрүн айтты"ШКУ плюс": Гутерриш эл аралык келишимдер менен нормаларды сактоого чакырдыАлиев БУУ Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын аткарууда таасир этпегенин айттыШКУнун трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы борбору Бишкекте жайгашат