Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы 2-сентябрда ишин баштады. Парламенттин бул жолку чакырылышынын I сессиясынын иши 25-июнда жыйынтыкталган.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын 17-декабрында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет жана беш депутаттык топ бар.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев буга чейин парламент президенттик кезектеги шайлоону 27-сентябрга чейин дайындашы керектигин билдирген. Бул маселе 16-17-сентябрь күндөрү күн тартибине киргизилип, токтом кабыл алынат деп күтүлүп жатат. (BTo)