Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан медалдык эсеп боюнча алдыда келе жатат

Кырчын жайлоосу.

Кыргызстанда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдык эсеп боюнча Кыргызстан алдыда келе жатат. 2-сентябрдагы жыйынтык боюнча, кыргыз спортчулары 9 алтын, алты күмүш жана эки коло байге алып командалык эсепте биринчи орунга чыкты.

Андан кийин эки алтын, төрт күмүш жана алты коло менен Орусиянын курмасы, эки алтын, бир күмүш жана төрт коло медал менен Казакстан үчүнчү орунда турат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы 31-августта 51 миң кишилик “Бишкек арена” стадионунда болду. 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтө турган оюндарга катышуу үчүн дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн, анын ичинде Австралия, Азербайжан, Армения, Аргентина, Бангладеш, Бахрейн, Грузия, Индия, Индонезия, Иран, Испания, Монголия, Польша, АКШ, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден спортчулар келген. Жалпысынан 3 миңге жакын спортчу катышары кабарланган. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосуна ылайык, спорттун 42 түрү бекитилген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн.

2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган. 2028-жылы Татарстанда, Казан шаарында өтөрү айтылды. (BTo)

Дагы караңыз

Лейпцигдеги диверсиядан кийин Германия Орусиянын эки мекемесин жабуудаГерманиянын Лейпциг аэропортундагы дрон чабуулуна шектүүлөр аныкталды Максат Асаналиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалдыOzon сатуучуларга товарды Казакстанга жайгаштырууну сунуштады “75чилердин иши” боюнча сотко көрсөтмө берүү үчүн Ашыралиев, Рыскулов келдиТоктогул районунда жол кырсыгынан алты адам мүрт кетти