АКШ Куралдуу күчтөрү аймактагы эки америкалык аскердик кемеге тарапка баллистикалык ракеталар учурулгандан кийин, Иранга байланышы бар үч мунай танкерине сокку урганын билдирди.
АКШ Борбордук командачылыгы (CENTCOM) ишемби күнү Харк аралынын аймагындагы бир танкерди жана Ормуз кысыгынын жанындагы дагы бир танкерди "биротоло иштен чыгарганын", ал эми Оман булуңундагы үчүнчү танкер "толугу менен жок кылынганын" кабарлады.
Командачылыктын билдирүүсүнө караганда, америкалык күчтөр Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) АКШнын аскердик кемелерине багытталган бир нече чабуулунан аман калышкан, аскерлердин арасында жабыркагандар жок. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
Буга чейин Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Харк аралынын жээгинде ирандык танкерлердин бири чабуулга кабылганын кабарлашкан.
Тегеран азырынча америкалык кемелерге жасалган чабуулдарды расмий тастыктай элек.
АКШ Борбордук командачылыгынын кол башчысы Брэд Купер ишембиде: “Биздин ИРСКге болгон талап айкын: эгер биздин эки кемебизге ок чыгарсаңыздар, биз сиздердин үч кемеңиздерди жок кылуу менен дагы да жогору экономикалык кун төлөтөбүз», - деп билдирген.
"Биз америкалык күчтөрдү коргоодон тартынбайбыз жана зарыл болсо, Ирандын чектелүү жана аялуу мунай флотун жок кылабыз", - деп кошумчалаган Купер.
Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик операцияларына жооптуу командачылык ирандык үч мунай танкери “Сакчылар корпусунун жана анын аймактык өнөктөштөрүн каржылаган миллиарддык көмүскө тармактын” бир бөлүгү болгонун ырастоодо.
Соккулар АКШ менен Ирандын ортосундагы салыштырмалуу тынчтык мезгилинен кийин, согуштук аракеттер кайрадан жандангандан бир жумага жетпеген убакыт ичинде орун алды.
Шейшембиде президент Дональд Трамп АКШ дагы бир “абдан кубаттуу сокку” урганын билдирди, бирок согуштук аракеттердин жаңы айлампасы “созулуп кетпейт” деген божомолун ортого салган.
Иран буга жооп катары аймактагы, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарындагы, Бахрейндеги, Кувейттеги жана Иорданиядагы америкалык объектилерге чабуул жасады.
Ирандын Кызыл Жарым Ай коому шейшемби күнү Сирик шаарында үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан үйгө ракетанын сыныктары тийгенин кабарлаган. Тегеран бул окуяны "согуштук кылмыш" деп атаган.