Аида Касымалиева Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулуп, бул орунга Аяз Баетов дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрация 8-сентябрдын кечинде жарыялады.
42 жаштагы Аяз Баетов буга чейин юстиция министрлигинде иштеп турганда президенттин көздөй кадрларынын бири болду. Анын "Кумтөр" алтын кенин Кыргызстанга алууда салымы чоң болгонун президент Садыр Жапаров эки-үч курдай ачык айткан жайы бар. Былтыр Баетовго мамлекеттик органдардагы бюрократияны жоюу боюнча милдет да жүктөлүп, вице-премьерликке тете укуктар берилген.
Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматын соңку төрт жыл аркалады.
Быйыл июнда Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланды.
Юстиция министри болуп жаңы дайындалган 44 жаштагы Алмаз Айылчиев акыркы он беш жылга жакын убакыттан бери өкмөт менен парламенттин аппараттарында юрист болуп эмгектенип келген.