Махабат Тажибек кызынын иши: Сот журналистти дароо суракка алууга аракет кылды, ал баш тартты

Махабат Тажибек кызы жактоочусу Акынбек Ногоев соттук отурумда.

Журналист Махабат Тажибек кызы өз иши боюнча кайрадан жанданган соттук кароодо дароо сурак берүүдөн баш тартып, күбөлөр жана эксперттер көрсөтмө бергенден кийин сүйлөй турганын айтты. Судья иштин башында айыпталуучуну сурап алууга аракет кылган.

Тажибек кызы эки жарым жыл мурда 11 журналисттин катарында кармалып, беш жылга кесилген. Жогорку сот журналистке чыккан сот өкүмдөрүн быйыл жокко чыгарып, жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти райондук сотко жиберген.

Кайра каралган иштин капшабы

Бишкектин Ленин райондук соту эркин журналисттик иликтөө менен алектенген Махабат Тажибек кызына козголгон кылмыш ишин кароону 9-сентябрда улантты. Отурумда судья дароо айыпталуучуну суракка алып, андан кийин күбөлөрдөн жана эксперттерден көрсөтмө алууну сунуштады. Журналисттин жактоочулары соттон күбөлөрдү жана айыпталуучуну суроо тартибин өзгөртүүнү өтүнүштү.

Тажибек кызынын жактоочусу Акынбек Ногоев "Азаттыкка" мындай деди:

Акынбек Ногоев

“Мурунку соттук кароодо соттук териштирүүнүн тартиби боюнча отурум болгон. Ошол процессте биз, жактоочу тарап тартип боюнча биринчи эксперттерди, күбөлөрдү сурап, андан соң Махабат Тажибек кызын суракка алууну сунуштаганбыз. Айыптоочу тарап да каршы болгон эмес, алар болгону жабырлануучуну сурайбыз деген, бирок бул иште жабырлануучулар жок. Жактоочулар менен айыпталуучуларды эске албай, сот өзүнчө тартип бекитип койгон. Ошону менен сот отуруму бүтүп, тарап кеткенбиз. Кечээ күнү да соттон биз сунуштаган тартип боюнча сурак жүргүзүүнү сурандык. Бирок сот аны канааттандыруусуз калтырды. Тажибек кызы мыйзамдагы укугун пайдаланып, күбөлөр жана эксперттерден кийин көрсөтмө берейин деп айтты, ошону менен сот отуруму жылып кетти”.

25-августта Ленин райондук сотунда ишти кайра кароо боюнча биринчи отурум өткөн. Анда адвокат Ногоев Махабат Тажибек кызына эл аралык The Albies сыйлыгын алуу үчүн Лондонго барып келүүгө уруксат берүүнү сурап, ишти карап жаткан судья Темир Маматов аны канааттандырган эмес. “Адилеттик үчүн” Клуни фондунун (CFJ) сыйлыгы 7-октябрда тапшырылат.

Эми кийинки соттук отурум 15-сентябрга белгиленди.

“Азаттык” Бишкек шаардык сотуна жана Ленин райондук сотуна соңку соттук отурумдагы жагдайга байланыштуу түшүндүрмө сурап кайрылды, алар комментарий бере элек.

Укук коргоочулар журналисттин ишин кайра кароодо анын өзүн биринчи суракка алуу аракетин жараянды тез арада бүткөрүү жүрүшү катары чечмелешүүдө.

Укук коргоочу Рита Карасартова бул жөнүндө мындайча ой бөлүштү:

Рита Карасартова

“Негизи соттук иш кандай тартипте, кимден кийин ким суралат дегендин баары мыйзамда жазылган. Бирок ошондо деле дайыма эки тараптан тең “кантип карайлы?”, “кимди биринчи угалы?” деп сурашат. Жазылган эреже боюнча күбөлөрдү, кылмышка тиешеси бар кишилерди чакырып, анан эң акырында айыпталып жаткан кишини угуш керек. Көп учурларда судьялар өкүм чыгарганга шашып, башкаларды уккусу келбегенде “мен кийин сурайм”, “ошого кайра кайтабыз”, “кеңешүүгө кеткенде, же өкүм чыгарып жатканда эске алам” деп аттап-аттап өтүп кетишет. Ошондуктан биринчи “Махабатты сурайлы” дегени бул күбөлөр, эксперттер суралбайт деген сөз. Андан кийин жарыш сөзгө өтүп кетишет да, акыркы сөзүн угуп, өкүм чыгарып коёт. Бул турган иш. Бул жерде биринчи коюлган айыпты аныктап алыш керек, айыптоочуларды, күбөлөрдү угуш керек. Менин да аманат каттын жарыялап койгонума байланыштуу иште да ушундай болгон, эч кимди сурабай, бизди сурап туруп, бир кароодо чечим чыгарып коюшкан. Ошондуктан Махабат Тажибек кызынын ишинде да аны дароо суракка алабыз дегени бул өкүмдү ыкчам чыгарууга белги”.

Махабат Тажибек кызы баштаган Тemirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналист-операторлорду Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылдын 10-октябрында Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.

Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Кыргызстанда экстремисттик деп табылган Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк ал топ кыргыз бийлигине бир нече кишини, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.

БУУ тобунун чечимине байланыштуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жана толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 10-мартта журналистке чыккан сот өкүмдөрүнүн баарын жокко чыгарып, жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти Ленин райондук сотуна жиберген.

Бишкектин Ленин райондук соту 23-мартта Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, аны эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен эркиндикке чыгарган. Журналист ага чейин Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар түзөтүү мекемесинде кармалып турган.

"Журналистке тагылган айыпты алып салгыла"

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) эл аралык уюму Махабат Тажибек кызы март айында абактан чыкканда билдирүү жасап, журналисттин камактан бошотулушун кубаттаган. Уюм анын иши кайрадан карала баштаганда да дагы бир жолу кайрылуу таратып, дагы бир ирет кыргыз бийлигин журналистке тагылган айыпты алып салууга чакырган.

Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Фиона О’Брайен билдирүүдө буларга токтолгон:

Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) логотиби.

“Адегенде Махабат Тажибек кызынын кармалышы жана ага айып тагылышынын өзү одоно адилетсиздик болгон, ал эч качан соттук куугунтукка алынбашы керек эле. Садыр Жапаровдун тушунда сөз эркиндиги улам-улам бузулуп жаткандыгына байланыштуу Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркына доо кетип жаткан жана азыр мына ошону оңдоп кетүү мүмкүнчүлүк болуп турат. Кыргызстандын бийлиги Махабат Тажибек кызына коюлган айыптарды толук алып, анын жүрүшүнө киргизилген чектөөлөрдү жоюп, эркин иштөөсүнө уруксат бериши керек”.

Баса, Махабат Тажибек кызы менен анын күйөөсү, башка бир журналист Болот Темиров экөө негиздеген Temirov Live, “Айт айт десе” долбоорлорун да жана көз карандысыз “Клооп” медиа-долбоорлорун Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр октябрда экстремисттик деп тапкан. Алардын негиздөөчүлөрү – журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп табылган. Жогорку сот быйыл мартта бул чечимди күчүндө калтырган.

2025-жылы жана ага чейин кармалган, камалган же иш козголгон журналист, активист, саясатчылар жана башкалар. "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстандын бийлиги медиаларга жана журналисттерге каршы кылмыш иштерди сөз эркиндигине каршы аракет эмес экендигин жана анын ар биринин өз негизи бардыгын билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров буга чейин журналист Али Токтакуновго берген интервьюсунда журналисттер, жарандык активисттер бийликтин көрсөтмөсү эмес, мыйзамдын негизинде камалганын айткан:

Садыр Жапаров

"Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Туура эмес маалымат тараткандарды камап жаткандарын көрдүм. Эми аларды мен каматкан жокмун да. Мен камабайм, кама деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Тартип болуш керек да", – деген ал

Сентябрдын башында Адам укуктары боюнча эл аралык International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму Кыргызстандагы жарандык эркиндиктердин абалы боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Баяндаманын авторлору 2026-жылдын март айынан августка чейинки абалга токтолуп, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин деле бийликти сындагандарга карата саясат жумшарат деген үмүт акталбаганын белгилешти. Айрымдарга актоо өкүмдөрү чыгарылып, адамдар бошотулганына карабастан журналисттерге, блогерлерге, активисттерге жана оппозиция өкүлдөрүнө карата кылмыш иштерин козгоо улана бергени да айтылат.

Быйыл май айында International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму, Казакстандын адам укуктары жана мыйзамдуулук боюнча эл аралык бюросу, Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясы (AHRCA) жана Түркмөнстан Адам укуктары боюнча демилгеси (TIHR) чогуу билдирүү жасап, Борбор Азия өлкөлөрүндө жарандык мейкиндикти жана жеке пикирди чектөө максатында онлайн репрессия колдонуу күч алганын эскертишкен.

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаганда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырганда эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашканы белгилүү болгон.