Президент Садыр Жапаров сыйлык берүү системасы мыйзам менен жаңыртылып, мындан ары аны татыктууларга гана берүү принциби сакталарын билдирди. Бул тууралуу Жапаров бүгүн, 14-сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.
"Сыйлык берүү системасын иретке келтирүүгө, адилеттүүктү, калыстыкты жана ачык-айкындуулукту орнотууга багытталган мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште кылдат талкууланып, электен өтүп кабыл алынгандан кийин, 21-апрелде кол койгонмун. Мыйзам аркылуу сыйлык берүү системасы жаңыртылып, мамлекеттик сыйлыктардын кадыр-баркын, аброюн көтөрүүгө далалат кылдык. Жаңы мыйзамга ылайык, сыйлыктардын саны оптималдаштырылып, алардын салмагы артты. Эми сыйлык чындап таттыктууларга берилиши керек деген принцип катуу кармалышы кажет", - деди Жапаров.
Президент Садыр Жапаров 9-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, "өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн" ондогон адам сыйланган.
"Ынтымак ордо" сыйлык алгандардын тизмесин жарыялады. Алардын арасында бир катар аткаминерлер, коомдук, маданият ишмерлери, дарыгерлер жана педагогдор бар.
Быйыл апрелде президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый акылар жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзамда мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын мурдагы 46 түрү кыскартылып, 22ге түшүрүлгөн.
"Эрдик" ордени биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлык болуп бекитилген, даражалары алынган. "Ардак" медалы экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлык болуп саналат.
Андан тышкары "Кыргыз Республикасынын жаратманы" жана "Кыргыз Республикасынын сыймыгы" ардак наамдары кошулган. (КЕ)
Жапаров мамлекеттик сыйлык системасы жаңыртылып, татыктууларга берилерин билдирди
"Кыргызстандын жаратманы" наамы EnsiliTech британиялык биотехнологиялык стартабынын тең уюмдаштыруучусу Асел Сартбаевага ыйгарылды.