Трамп Киевди Орусиянын мунай заводдоруна сокку урбоого чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп Ирландияга баргандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

АКШ президенти Дональд Трамп Украина лидери Владимир Зеленскийди Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго сокку урууну токтотууга чакырды. Анын айтымында, украин дрондорунун чабуулдары Орусияда дизел тартыштыгын жаратып, дүйнөлүк рынокко да зыянын тийгизип жатат.

Трамп бул тууралуу 13-сентябрда Ирландияга сапары учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Зеленский бир нерсе кылышы керек. Орусиядагы дизел өндүргөн объектилерди иштен чыгарууну токтотушу зарыл. Башка буталарга сокку урса урсун, бирок дизелге тийбесин. Анткени ал дизел тартыштыгын жаратып жатат", - деди АКШ президенти.

Трамп күйүүчү май рыногундагы көйгөйгө Жакынкы Чыгыштагы окуялар эмес, Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш себеп болуп жатканын белгиледи.

Украина акыркы айларда Орусиянын энергетикалык жана аскердик объектилерине алыстан учуучу дрондор менен чабуулдарын күчөттү.

Киев Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго сокку уруу менен Москванын энергетикадан түшкөн кирешесин азайтып, Кремлди сүйлөшүүгө мажбурлоону көздөй турганын билдирип келет.

Мунун натыйжасында өлкөнүн айрым аймактарында бензин жана дизел тартыш болуп, күйүүчү майдын баасы өстү.

Согуштун кесепетин мурда күнүмдүк турмушунда анчейин сезбеген орусиялыктар да май куюучу жайлардагы чектөөлөргө жана узун кезектерге туш болду.

Орусиянын соккулары Польша чек арасына жетти

Трамп Киевди Орусиянын мунай инфраструктурасына сокку урбоого чакырган күнү орус дрондору Украинанын Польша менен чектешкен Волын облусуна чабуул койду.

Биринчи сокку Ягодин чек ара өткөрмө бекетинин жанындагы май куюучу жайга тийди. Экинчи дрон Киевден Варшавага бараткан жүргүнчү поездинин локомотивине сокку урду. Окуя Польша чек арасынан эки чакырымдай жерде болгон.

Украинанын мамлекеттик темир жол компаниясынын маалыматына караганда, поезддин кызматкерлерине чабуул тууралуу алдын ала эскертүү берүүгө жетишилген. Жүргүнчүлөр эвакуацияланып, жабыркагандар катталган жок.

Социалдык тармактарда тараган видеолордо темир жол бекетиндеги адамдар жарылуудан кийин качып баратканы көрүнөт.

Украинанын темир жол компаниясы дрон европалык мурдагы жана азыркы аткаминерлер бараткан атайын поездди бутага алган болушу ыктымал экенин билдирди. Алардын арасында Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон болгон. АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы директору Дэвид Петреус ошол маалда башка поездде баратканы айтылды.

Петреус The New York Times басылмасына асманда учуп жүргөн орус дрондорунун үнүн, андан кийин жарылууну укканын билдирди. Анын айтымында, жүргүнчүлөр дароо коопсуз жерге чыгарылган.

Чабуул учурунда Польшанын чыгышындагы бир нече райондо абадан кооптуу жагдай тууралуу эскертүү берилди. Орус дрондору Польшанын аба мейкиндигин бузганы тууралуу маалымат түшкөн жок. Бирок Польшанын Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам командачылыгы өлкөгө коркунуч реалдуу болгонун билдирди.

Премьер-министр Дональд Туск Орусиянын аракеттери улам Польша чек арасына жакындап жатканын айтты.

"Орус тараптын аракеттеринин күчөшү чындыкка айланууда. Анын мисалдары биздин чек арага улам жакындап келатат. Чек ара өткөрмө бекеттерине чабуул коюу же алардын ишин токтотууга аракет кылуу биринчи жолу болуп жаткан жок", - деди Туск.

Дагы караңыз

Польшада өкмөт Орусиянын чек арадагы соккусуна байланыштуу чукул жыйынга чогулду

Анын айтымында, Польша 13-сентябрдан тартып коопсуздук боюнча күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Туск алдыдагы апталарда жана айларда Орусиянын аракеттери дагы күчөшү мүмкүн экенин эскертти.

"Тилекке каршы, бул эскалация биздин аймакка да таасир этиши мүмкүндүгүн жокко чыгара албайбыз. Андай болбойт деп үмүттөнөм. Эң жаман сценарий ишке ашпайт деп ишенем", - деди өкмөт башчы.

Ошол эле күнү Румыниянын бийлиги өлкөнүн аба мейкиндигине дрон киргенин билдирди. Литвада да белгисиз учкучсуз аппарат тууралуу эскертүүдөн кийин Вильнюстун аэропорту убактылуу жабылып, НАТО күчтөрүнүн согуштук учактары асманга көтөрүлдү. Кооптуу жагдай тууралуу эскертүү бир сааттын ичинде токтотулду.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Ягодин аймагындагы соккуларды Орусиянын "Евробиримдик менен НАТОнун эшигин каккан террору" деп атады. Ал Европа өлкөлөрүн Москвага каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды.

Президент Владимир Зеленскийдин маалыматына караганда, Орусия акыркы бир аптада Украинага 2100 дрон, 1700 башкарылуучу авиабомба жана 73 ракета учурган.

Соккулар Волындан тышкары Ивано-Франковск, Тернополь, Львов, Донецк жана Одесса облустарындагы объектилерге багытталган.

Сүйлөшүүлөр октябрда өтүшү мүмкүн

Польша чек арасына жакын жердеги чабуулдардан эки күн мурда Владимир Путин Нью-Делиде сүйлөп, Орусия Европа өлкөлөрүнө коркунуч жаратпай турганын айткан. Ошол эле учурда ал европалык аскерлердин Украинага киргизилишин Москва Орусия менен түз согуш катары кабыл аларын эскертти.

"Алар өз элин Орусияны айтып, ойдон чыгарылган коркунучу менен чочутуп жатышат. Андай коркунуч жок жана эч качан болгон эмес. Биз Европа өлкөлөрүнө коркунуч келтирбейбиз жана коркунуч келтирүү ниетибиз да жок", — деди Путин.

Ал Европадагы айрым өлкөлөр Украинага аскер жөнөтүү маселесин талкуулап жатканын белгилеп, "бул Орусия менен согушту билдирет" деп кошумчалады.

Мындай билдирүүлөрдүн фонунда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия, Украина жана АКШнын үч тараптуу сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо үчүн Москва алдын ала шарт койбой турганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, мындай жолугушуу октябрда өтүшү мүмкүн.

Үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийинки айда жанданышы мүмкүн экенин Украина президентинин кеңсесинин башчысы Кирилл Буданов да айтты. Буга чейин француз бийлиги Ак үйгө таянып, Кремль Орусиядагы Мамлекеттик Думага шайлоодон кийин сүйлөшүүгө даяр болушу мүмкүн экенин билдирген.

Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер мындан бир апта мурда Киев жана Москвада болушкан. Тараптар жолугушууларды "мазмундуу" деп атаганы менен, анда кандай макулдашууларга жетишилгени ачык айтылган эмес.

Кушнердин соңку билдирүүсү сүйлөшүүлөрдөгү негизги талаш Украина көзөмөлдөгөн аймактарга байланыштуу экенин көрсөттү.

"Президент Путин эмнеге жетүүнү кааларын белгиледи. Эгер Украина, мындайча айтканда, ошол чекке чейин чегинүүгө макул болсо, анда келишимдин калган бөлүгү даяр, иштелип чыккан жана макулдашылган. Украина азыр муну каалабайт", - деди Кушнер.

Анын айтымында, АКШ ортомчу катары Украинанын кызыкчылыктарына каршы келбеген, ошол эле учурда Орусияга жаңжалды аяктоого мүмкүнчүлүк берген чечим табууга аракет кылууда.

Кушнер кайсы аймактар же кандай чек жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган жок.

Москва Украинанын чыгышындагы Донбасс облусун толугу менен өткөрүп берүүнү талап кылып келет. Расмий Киев аймагынан баш тартпасын билдирген.