ЖК комитети инвесторлорго жерди убактылуу пайдаланууга берүүнү 1-окууда колдоду

Кыргызстандагы жер тилкелери. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети Жер кодексине, "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды.

Документ инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жер участокторун берүү маселелерин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле инвестордун инвестициялык милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылуунун кошумча укуктук механизмдерин белгилөө максатында иштелип чыккан.

"Жер кодексинин 30-беренеси боюнча улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин берүү тартибин өркүндөтүү каралган, тактап айтканда мындай учурда жер тилкелерин акысыз пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушталууда. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаган учурда же долбоорлор тиешелүү тизмеден чыгарылганда жер тилкесинен пайдалануу укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү каралган", - деди Нурланова.

Мыйзам долбоорго ылайык, жер тилкеси тышкы жана ички инвесторго бирдей шартта берилет. Жер тилкеси инвестордун милдеттенмелерди аткарышына карап 10 жылга берилип, кийин 25, 50 жылга узартылышы мүмкүн.

Талкуу маалында депутат Бактыбек Чойбеков сунушталып жаткан ченемдерге кирген долбоорлор үчүн инвестициянын минималдуу суммасын жана жер тилкесинин көлөмүн аныктоо зарылдыгын билдирди.

Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Жакшылык Токтосунов инвестициялык долбоорду ишке ашырууда суммасы 1 млн сомдон жогору каралганын, чоң долбоорлор болсо 1 млрд сомдон жогору болушу керектигин айтты.

Депутат Сеидбек Атамбаев мамлекеттик жерлерди мамлекеттин менчигинде сактап калуу жана алардын үчүнчү жакка өтүп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн кошумча кепилдиктер керектигин белгиледи.

Садыр Жапаров 17-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин белгилеп, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана ала турганын айткан.

Жапаров бул маселеге 21-июлда дагы кайрылып, Кыргызстан эгемендик алгандан бери инвестициялык долбоорлор үчүн берилген жерлердин аянты өлкөнүн 0,1% ашпай турганын кошумчалап, ошол эле жерлерге инвесторлор ишкана-заводдорду курбай, башка багытка пайдаланып кетишкенин Фейсбук баракчасына жазган.

Министрлер кабинети 14-июлда Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүүнү” караган токтом долбоорун сунуштаган. Бул коомдо ар кандай талкууга жем таштаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Президент Жапаров расмий сапар менен Түштүк Кореяга баратТаластын губернатору Эгемендик майрамында Туткучевдин ырдабай калган себебин түшүндүрдү Депутат өкмөттү чек ара жаңжалынан кийин жаңы үйлөргө көчкөндөргө көнүл бурууга чакырдыИрактын түрмөлөрүндө отурган кыз-келиндердин ата-энелери бийликке кайрылды