"Жапа чеккен улут кейпинен арылалы". Казак тарыхындагы Токаев санаган каталар

Коллаж

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мектептер үчүн окуу китептеринен 700дөн ашык “одоно ката” табылганын айтып, аларды кайра карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле ал казак калемгерлери чыгармаларында “кайгы муңду” даңазалай турганын айтып, “жапа чеккен улут кейпинен арылууга” чакырды.

“Кайгы-муң жаштарга жарашпайт”

Жаңы окуу жылынын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мугалимдердин салттуу август конференциясына катышты. Ал мугалимдин ролу жана билим берүү тармагындагы маанилүү багыттар тууралуу сүйлөдү. Бирок анын тарых тууралуу айткандары көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

“Дайыма жапа чеккен улут кейпинен арылышыбыз керек. Бул тууралуу дайыма айтып келем. Биздин айрым калемгерлерибиз “муң” деген сөздү жакшы көрүшөт: “жүрөгүмдө муң, көзүмдө муң”. Кайгы-муң жаштыкка, жаштарга жарашпайт. Жаштарыбыз өз элинин тарыхын туура аңдап түшүнүп, келечекке үмүт жана ишеним менен карашы керек”, – деди президент Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Алтын Ордо – талаа цивилизациясынын үлгүсү: тарых, археология, маданият, иденттүүлүк” аттуу симпозиумда. Астана. 19-май, 2026-жыл.

Президент Токаев кайсы тарыхый мезгилдер тууралуу сөз кылганын ачык айткан жок. Ошол эле маалда казак калемгерлери кайсыл окуяларга кайгырып, кандай муң тууралуу жазарын дагы так айтпады.

Борбор Азиядагы демократияны өнүктүрүү фондунун директору, саясат таануучу Толганай Үмбеталиева Токаевдин бул сөзүн Казакстандын тарыхы боюнча азырынча жарыялана элек жети томдук китеп менен байланыштырууда.

“Буга чейин Токаев Алтын Ордо тууралуу айтса, эми “кайгыра берген улут” жөнүндө айтып жатат. Кыязы, жети томдукта ушул темаларга же идеяларга өзгөчө көңүл бурулат окшойт. Бул сөздөрдү “туура” же “чечилип калган” маселе катары көрсөтүү үчүн президент аркылуу айттырып жатышат. Андай болгондо окумуштуулар төө бастыга алынбай тургандай жагдай жартышууда. Бизде президент эмне айтса да, эл аны кабыл алууга аргасыз болот деген түшүнүк бар. Ушул идеяларды актоо үчүн президенттин макамын пайдаланып жатышкандай”, – дейт ал.

Үмбеталиеванын пикиринде, казактардын иденттүүлүгү эч качан кайгы-муңга чөмүлгөн улуттун образына негизделген эмес. Бирок казак тарыхында толук изилденип, терең талданып бүтпөгөн көптөгөн кайгылуу мезгилдер бар. Казак жери адегенде Орусия империясынын, андан кийин Советтер Союзунун курамында турган мезгилде көптөгөн оор учурлар болгон. Алардын ичинде улуттук боштондук көтөрүлүштөрү, большевиктерге каршы чыккандарды ырайымсыздык менен басуу, сталиндик репрессия, ачарчылык, Семей полигонундагы өзөктүк курал сыноолору, Москванын чечимине нааразылыктан улам чыккан 1986-жылдагы Желтоксон окуясы бар.

Саясат таануучу бул темалардын саясатташып кетишине тарыхчылар күнөөлүү экенин, алар бул окуяларга жана андагы фактыларга жетиштүү көңүл бурбай турганын айтууда.

1930-жылдардагы ачарчылык маалында жер которуп бараткан эл. Сауле Сулайманованын сүрөтү. Сүрөт автордун жеке сайтынан алынган.

Тарыхчы Жакшылык Сабитов учурда даярдалып жаткан жети томдуктун авторлорунун бири. Ал ачарчылык сыяктуу темалар жетиштүү деңгээлде изилденбегенин ырастап жатат. Өткөн кылымдын 30-жылдарында болгон бул алаамат кеминде 1,5 миллион адамдын өмүрүн алганы айтылып жүрөт. Ачарчылык – казак тарыхындагы эң чоң трагедия.

“Ачарчылык темасын изилдеген көптөгөн кесиптештерим менен сүйлөштүм. Алар бул теманын 10 пайызы гана изилденгенин ачык айтышат. Каза болгондордун саны 1,3–1,7 (миллион адам – ред.) аралыгында деп эсептеп жатабыз. Бул тарыхчылардын эсеби. Мен бул теманын адиси эмесмин. Бирок адистердин бул тема изилденбей калган деген сөзүн уктум”, – дейт ал.

Сабитов кырдаалдын мындай өнүгүшүн саясий абал менен байланыштырат.

“Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин тушунда тарыхчыларга каражат бөлүнгөн эмес, ал кезде тарыхтын деле кереги жок болду да. Тарыхтын баары Нурсултан Абиш уулунан башталчу. А тамгасынан баштап Я тамгасына чейин Назарбаев. Альфа да, омега да өзү. Ошентип, маселе ошол бойдон калып кетти. Ал эми бардык мезгилди изилдеп, боштуктарды толтура турган жаңы улуттук тарыхый мектеп түзүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Тарыхчыларды даярдоонун өзүнө 10 жыл керек”, – дейт Сабитов.

Дагы караңыз

"Киши жегич артыбыздан кубалап..." Казакстандагы ачарчылык, күбөлөрдүн эскерүүсү

Тарыхый “уламыштар”, Назарбаевдин чоң атасы

Август конференциясында президент Токаев Казакстандын окуу китептеринен 700дөн ашык “одоно ката” аныкталганын айтты. Ал кайсы бир конкреттүү окуу китебин атабады. Ошентсе дагы анын сөзүнөн кеп тарых окуу китептери жөнүндө экени байкаса болот. Маселен, президент Токаев казакстандык окуучуларга “жалган баатырлар жана алардын эрдиги жөнүндө баяндаган уламыштар” окутуларын белгиледи.

“Жалган, ойдон чыгарылган маалыматтарды таратуу аркылуу балдарды мекенчилдикке тарбиялоо жакшылыкка алып барбайт”, – деди ал.

Тарыхчы Жакшылык Сабитовдун айтымында, азыр мектептерде окутулуп жаткан Казакстандын тарыхы боюнча окуу китептери 2017–2019-жылдары басылып чыккан. Тагыраагы Назарбаевдин тушунда жазылган эмгектер.

Дагы караңыз

Орусиялык тарыхчыларды териктирген "оторчулук" термини

“Алардын сапаты боюнча чоң талаш жаралган. Анда каталар абдан көп экенин баары түшүнөт. Карасай баатыр менен Орбулак салгылашуусун алалы. Орбулак салгылашуусу болгону чын, бирок ал башка жерде болгон. Ал эми Нурсултан Назарбаевдин чоң атасы Карасай баатыр ага катышкан эмес”, – дейт Сабитов.

Карасай баатыр – жуңгар баскынчылыгына каршы күрөштө таанылган баатырлардын бири. Анын теги Нурсултан Назарбаев чыккан Шапырашты уруусунан экенин казак тарыхчылары белгилеп жүрөт. Назарбаевдин бийлигинин тушунда казакстандык окуучуларга Фермопил салгылашуусуна (б.з.ч. 480-жылы Экинчи грек-перс согушунда болгон) окшош жарым-жартылай уламышка айланган салгылашуу жөнүндө айтып келишкен. Уламыш боюнча, ошол салгылашууда 600 казак баатыры ойроттордун 50 миң аскерин токтоткон.

Казакстандын тарыхы боюнча окуу китептеринде Карасай баатыр ушул ири салгылашуунун негизги катышуучуларынын бири катары көрсөтүлгөн. Жакшылык Сабитовдун айтымында, салгылашуунун болгону ырас. Бирок айтылган сандар так эмес жана Карасай баатыр бул кармашка катышкан эмес.

Совет мезгилинде Орусия казактарды жунгар чапкынынан куткарып калган деген да уламыш тараган. Сабитов мунун ойдон чыгарылганын айтып, азыр дагы көптөгөн саясатчылардан ушундай сөз айтыларын сынга алды.

Казакстандын тарыхнаамасына совет мезгилинен өтүп кеткен дагы бир уламыш – Алтын Ордо жөнүндөгү тескери түшүнүк. Ал уламыш боюнча, Алтын Ордо адегенде кыпчактарды, кийин Орусиянын жерлерин басып алган, ошондуктан ал “зыяндуу” болгон деп айтылып келген.

Дагы караңыз

Алтын Ордо мураскерлери: өтмүш жана империялык дымак

Казакстандын бийлиги, кадыр-барктуу окумуштуулары дагы казактар Чыңгыз хандын тун уулу Жучунун тарыхына көбүрөөк кайрылып, аны мамлекеттүүлүгүнүн негизги башаты катары карай баштады. Өлкөдө атайын илимий институттар түзүлүп, изилдөөлөр каржыланып, Алтын Ордодон калган табериктерди кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу жаңы тарых окуу китебинде да камтылышы мүмкүн.