“Учкун” китепти басып чыгарарын, бирок андан ары көзөмөл кылбай турганын билдирди

“Учкун” ачык акционердик коомунан басылып чыккан китептер.

“Учкун” ачык акционердик коому 17-сентябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, мектептерде китептердин жетишсиздиги жана айрым китептердин базарларда сатылып жатышы боюнча түшүндүрмө берди.

“Учкундун” аппарат жетекчиси Бек Иманалиевдин сөзүнө караганда, басмакана ушул тапта 11 жылдык жана 12 жылдык билим берүү системасы үчүн китептерди басып чыгарып жатат жана Агартуу министрлиги буюртма берүүчү болуп эсептелет. Ал “Учкун” өзүнө жүктөлгөн ишти өз убагында жана китептерди сапаттуу чыгарып жатканын айтып, базарларда сатылып жаткан китептер тууралуу комментарий берди.

“Китептердин автору катары мамлекеттин атынан Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү болуп эсептелет. Кыргызстанда мамлекеттик билим берүү мекемелеринен тышкары Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда менчик мектептер бар. Биз министрлик менен алдын ала макулдашуунун негизинде жеке мектептерге да буюртма менен китеп басып беребиз. Китеп биздин автордук укук менен гана чыгат. Менчик мектептер окуучуларынын саны, мүмкүнчүлүгүнө жараша китеп алышат. Азыр “китептер айрым базарларда сатылып жатат” деп атабыз. Биз (ред: “Учкун”) буюртманы гана аткарып жатабыз. Андан ары көзөмөл кылбайбыз. Акты менен өткөрүп бергенден кийин андан ары кандай иштетилет биз жооп бербейбиз”, - деди ал.

15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан бери мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып жатышат.

16-сентябрда бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да көтөрүп, мектептерде китептер жетишпей жаткан чакта алар базарда сатылып атканын айтып чыккан.

Буга удаа эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Агартуу министрлиги окуу китептерин сатыкка чыгаргандарды аныктап, чара көрүшү керек.

Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган. (BTo)

Дагы караңыз

АКШнын Өкүлдөр палатасы Орусияга каршы "тозоктой санкцияларды" жактырганын жарыялады Гаагадагы сот Косовонун экс-президенти Тачини 25 жылга кестиОкуучуларга чыгарылган китептерге QR-код коюу пландалууда 17-сентябрда жапырт кармалган саясатчылардын соту болбой калдыМинистрлик Кыргызстанда эттин баасы бекитилгенин билдирдиЖусуп Абдрахманов тууралуу көркөм тасмасынын бет ачары болдуЛитвада атып түшүрүлгөн дрон Орусияга таандык болуп чыкты Жапаров Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктардын пенсия маселесин көтөрдү