Сууга чөккөн баланы издөөдө курман болгон Казыбековдун үй-бүлөсүнө батир берилди

Батирдин ачкычын Адылбек Касымалиев берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) лейтенанты Аскар Казыбековдун жубайы Самара Равшан кызына батирдин ачкычын тапшырды.

“Ынтымак ордонун” маалыматында маркумдун үй-бүлөсүнүн турак жайы болгон эмес.

23-июнда Талас облусунун Чоң-Токой айылында Талас дарыясына түшүп жатып, 16 жаштагы бала агымга туруштук бере албай агып кеткен.

Аскар Казыбеков 27-июнда баланы суудан издөө иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон. Ал ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун (Суучулдук кызмат) терең сууга түшүүчү куткаруучу-суучулдар станциясынын башчысы болуп иштеп келаткан.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Аскар Казыбеков кызматтык милдетин аткаруу учурунда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн “Эрдик” ордени менен каза болгондон кийин сыйланган.

Сууга агып кеткен баланы издөө иштери уланып жатканы менен азырынча жыйынтык чыга элек. (BTo)

Дагы караңыз

Сузакта 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгону кабарландыТажикстан Рим статутунан чыгуу маселесин талкуулап жататПрезиденттик шайлоону дайындоо сунушу ЖК комитетине түштүПрезидент окуу китептерин басып чыгарууга кошумча 7 млрд сом бөлдүОрусияда Мамлекеттик Думага шайлоо расмий башталдыОрусиянын түнкү чабуулунан Украинада эки жайкын тургун каза болдуБУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде Тилекмат Кудайберген уулунун иши талкууландыЧүй соту экс-прокурор Кубан Адыл уулу баш болгон 9 жаранды 13 жылга чейин кестиЭкс-депутат Абдалиев Тилекмат Кудайберген уулунун сотуна сурак берүү үчүн барды