Чаткалда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапты

Чаткал району.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя 18-сентябрда болгон. Бул күнү 2011-жылы туулган (Д.Р.) өспүрүм Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Маалыматка караганда, каза болгон бала 9-класстын, ал эми шек саналып кармалган үч өспүрүм 11-класстын окуучулары.

17-сентябрда эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болуп, 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. аттуу өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болдуПрезидент Садыр Жапаров иш сапар менен АКШга барды АКШда Орусияга каршы санкцияларды күчөткөн мыйзам кабыл алындыКыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын "кара тизмесин" түзөтСууга чөккөн баланы издөөдө курман болгон Казыбековдун үй-бүлөсүнө батир берилдиЖыл башынан бери "Сахароводон" 3,5 миңден ашык кыргыз жараны депортацияланды Чүй соту экс-прокурор Кубан Адыл уулу баш болгон 9 жаранды 13 жылга чейин кести