Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда мектептерде окуу китебинин жетишсиздиги жана жаңы китептердин маани-мазмуну боюнча дагы бир жолу комментарий берди.
Ал бул тууралуу 19-сентябрда Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жарыялап, өлкөдө акыркы эки жылда 9 миллиондун тегерегинде китеп басып чыгарылганын, Кыргызстан эгемендик алгандан бери биринчи жолу министрликке караштуу “Окуу китеби” мамлекеттик басма үйү түзүлгөнүн кошумчалады. Муну менен жүздөгөн мыкты мугалимдер, корректорлор, көркөм сүрөтчүлөр, дизайнерлер, котормочулар, редакторлор туруктуу иштей баштаганын билдирди.
“Учурда чыгып жаткан китептер жаңы муундагы китептер. Ал окуучунун турмуштук көндүмдөрүн, өз алдынча ой жүгүртүүсүн калыптандыра турган, окуучунун позициясында жазылган. Аны жаратууда жүздөгөн адамдар, адистер иштеп жатат”, - деди ал.
Ошондой эле ушул тапта кыргыз тили, адабият, тарых, география болуп баш-аягы 10дон ашык китеп жазылып жатканы белгилүү болду.
15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан бери мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арызданып жатышат.
16-сентябрда бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да көтөрүп, мектепте китеп тартыш маалда алар базарда сатылып жатканын айтып чыккан.
Буга удаа эле Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Агартуу министрлиги окуу китептерин сатыкка чыгаргандарды аныктап, чара көрүшү керек.
Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган.
17-сентябрда “Учкун” ачык акционердик коому басма сөз жыйынын уюштуруп, басмакана Агартуу министрлигине жана менчик мектептерге китеп басып чыгарып берерин, аны колдонууга көзөмөл жүргүзбөй турганын билдирди.
Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине кайрылганын кабарлады.
Коомдоогу талкуудан кийин президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алган.
Социалдык тармактарда жаңы басылып чыккан китептердин маани-мазмуну боюнча да сын-пикирлер айтылууда. Айрым ата-энелер китептердеги тапшырмалар түшүнүксүз экенин, сүйлөмдөр татаал түзүлүп, ката кеткен учурлар да бар экенин жазышууда. (BTo)