ЖК комитети президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом кабыл алды

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 22-сентябрдагы отурумунда президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом долбоорун кабыл алды.

Тармактык комитет кабыл алган чечим эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан өлкө жетекчисинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров АКШда Кыргызстан Орусияга салынган санкцияларды бузбаганын айттыӨкмөттө мектептердеги китеп маселеси талкууландыУкраина: Лозовага соккудан киши өмүрү кыйылып, үчөө жабыркады. Запорожьеде беш киши жараат алды Зеленский менен Трамп телефондон сүйлөшүп, Нью-Йоркто жолугушууну макулдашты ЖКнын дагы бир комитети “Жер кодексине” сунушталган өзгөртүүнү колдодуОрунбековдун тизмеси: Сот иш козгоодон баш тартуунун мыйзамдуулугун карайтӨкмөт 2027-жылы инфляцияны 8% чейин түшүрүүнү пландап жатат