Сегиз айда көлдөр жана суу сактагычтардан 101 миң метр тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн чыгарылган синтетикалык торлор.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2026-жылдын сегиз айында Кыргызстанда көлдөрдө жана суу сактагычтарда 206 рейд өткөрүлүп, 101 миң 250 метр синтетикалык тор жана 1910 кг таштанды чыгарылганын кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ысык-Көлдө 102 рейд болуп, 40 миң 200 метр синтетикалык тор жана 940 кг таштанды чыгарылган. Соң-Көлдө 24 рейд өткөрүлүп, 15 миң 50 метр синтетикалык тор тазаланган.

Токтогул суу сактагычынан 42 миң 250 метр, Орто-Токой суу сактагычынан 200 метр жана Киров суу сактагычынан 3550 метр синтетикалык тор чыгарылган.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрель айында тиешелүү кызматтар акыркы беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатканын айтып, элди табиятты таза кармоого чакырган. (BTo)

Дагы караңыз

ЖК комитети президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом кабыл алдыСадыр Жапаров АКШда Кыргызстан Орусияга салынган санкцияларды бузбаганын айттыӨкмөттө мектептердеги китеп маселеси талкууландыУкраина: Лозовага соккудан киши өмүрү кыйылып, үчөө жабыркады. Запорожьеде беш киши жараат алды Зеленский менен Трамп телефондон сүйлөшүп, Нью-Йоркто жолугушууну макулдашты ЖКнын дагы бир комитети “Жер кодексине” сунушталган өзгөртүүнү колдодуОрунбековдун тизмеси: Сот иш козгоодон баш тартуунун мыйзамдуулугун карайт